Нурсултан Назарбаевдин кызы кайрадан сенаттын төрайымы болуп шайланды

© Sputnik / Владислав ВодневСпикер парламента Казахстана Дарига Назарбаева
Спикер парламента Казахстана Дарига Назарбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарига Назарбаева 2019-жылдын март айынан бери парламенттин жогорку палатасын жетектеп келген.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин жогорку палатасынын төрайымы кылып Дарига Назарбаеваны кайра шайлоону сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. 

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы депутаттардын бардыгы президенттин сунушун колдоп бергенин көрсөттү.

Назарбаева ишеним көрсөткөн кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

"Сүйүктүү өлкөбүздүн өнүгүшүнө бардык күчүмдү жумшайм. Бүгүн палаталардын бирдиктүү жыйынында президенттин биринчи кайрылуусу менен тааныштык. Анын алкагында тийиштүү тапшырмалар коюлду. Биз өз учурунда мыйзамдын негизинде бекитип беришибиз керек. Кесиптештеримди тыгыз кызматташууга чакырам. Биз күз мезгилине карата иш планын бекиттик", — деди Назарбаева.

Белгилей кетсек, Дарига Назарбаева 2019-жылдын март айынан бери эле сенаттын төрайымы болуп келген, бүгүнкү кайра шайлоодо көпчүлүк добуш менен өтүп, спикерлик ордунда калды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0