Өзбекстандын элчиси Рашидовдун иштөө мөөнөтү аяктады

© Sputnik / Табылды КадырбековЧрезвычайный и Полномочный Посол Узбекистана в Кыргызстане Комил Рашидов
Чрезвычайный и Полномочный Посол Узбекистана в Кыргызстане Комил Рашидов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда чек арага жакын облус башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйындарын өткөрүүгө өзүнчө көңүл бурулду.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовдун дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Рашидов элчи болуп 2012-жылы дайындалган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамилелеринин келечегин, мамлекет башчылардын деңгээлинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашкан.

"Жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын, эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын төрагалыгы астында чек арага жакын облус башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйындарын өткөрүүгө өзүнчө көңүл бурулду", — деп айтылат маалыматта.

Страны мира. Китай  - Sputnik Кыргызстан
Кытайдын Оштогу Башкы консулдугу ишин токтотту. Себеби эмнеде?
Министр Айдарбеков элчи Рашидовго анын жемиштүү иши жана кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүдөгү жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Өз кезегинде Рашидов анын Кыргызстандагы дипломатиялык кызматынын мезгилинде биргелешкен жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен баарлашкан элчи Боомдогу окуясы тууралуу да айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0