Үйлөнүү үлпөтү. Архив

Казакстанда 15 жаштагы өспүрүмдөр үйлөндү

7418
(жаңыланган 12:29 10.09.2019)
Кыз аны ала качып кеткендиктен үйүнө кайра барууну уят деп эсептеп, турмушка чыгууга макул болгонун айтууда.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Казакстандын Актау шаарында 15 жаштагы өспүрүмдөр үйлөнүп, той беришкенин Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Кыздын айтымында, аны ала качып кеткендиктен үйүнө кайтууну уят деп эсептеп калып калган. Актауда өткөн үлпөт тойду социалдык тармакта катуу сынга алышууда. Жаш жубайлар колледжде окушат.

"Экөөбүз тең 15 жаштабыз. Күйөөмдүн ата-энеси менен Актауда жашап жатабыз. Биз 3-4 айдай жолугуп сүйлөшүп, үйлөнүүнү чечтик. Албетте, башында ата-энелерибиз каршы болду. Мени ала качып кетишкен. Күйөөгө тийген кыздын төркүнүнө кайтып баруусунан өткөн уят нерсе жок экенин билип, бул жактын бүлөсү болууну чечтим. Анан, албетте, биз бири-бирибизди абдан жакшы көрөбүз", — деп жаңы келин социалдык тармакка пикирин жазган.

Ал тойдон тартылган сүрөт, видеолорун Instagram баракчасынан бөлүшүүдө. Жарыяланган сүрөттөргө караганда өспүрүмдөр 2019-жылы июлда баш кошушкан. Айрымдар жубайлар никесин расмий каттатпаганын, болгону молдого нике кыйдырганын жазышууда.

Казакстанда буга чейин 82 жаштагы эл артисти өзүнөн 45 жаш кичүү аялга үйлөнүп, таң калтырган болчу.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
7418
Белгилер:
видео, Сүрөт, социалдык тармак, той, үйлөнүү, Казакстан
Тема боюнча
Өзбекстанда 18ге толо элек кыздар турмушка чыга албай калды
Кыргызстандын кайсы аймагында ажырашкандар көп? Рейтинг