Өзбекстан Кытай менен Гонконгдун жарандарына визасыз режим киргизет

© Sputnik / Александр Штоль / Медиабанкка өтүүПрохожие в Шанхае
Прохожие в Шанхае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылдын 1-январынан тарта Кытай менен Гонконгдун жарандары Өзбекстанда виза документтерин толтурбай жети күнгө чейин жүрө алат.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Өзбекстандын президентинин Кытай менен Гонконгдун жарандарына визасыз режим киргизүү тууралуу жарлыгы кабыл алынды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги Юстиция министрлигине таянуу менен жазды.

Паспортко мөөр коюп жаткан кызматкер. Арихв - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Кытай жарандарына мыйзамсыз негизде электрондук виза берилген
Ага ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тарта Кытай менен Гонконгдун жарандары Өзбекстанда виза документтерин толтурбай жети күнгө чейин жүрө алат. Андан сырткары, дагы 20 мамлекеттин жарандарына да ушундай эле мүмкүнчүлүк каралган.

Кыргызстан дагы бир катар мамлекеттерге виза алууда жеңилдиктерди караган болчу. Алардын тизмесин материалдан окуңуздар.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0