Казакстанда аскер бөлүктүн жанында кайрадан жарылуу болуп, 10 сапёр жабыркады

© Фото / пресс-служба Минобороны РКВоенные учения в РК
Военные учения в РК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарылуу Арыстын жанындагы атайын жабдылган полигондун аймагында пландык иш аракеттер жүрүп жатканда болгон.

БИШКЕК, 21-cен. — Sputnik. Казакстандын Арыс шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан аскердик бөлүктүн полигонунда жарылуу болуп, жарадар болгон 10 сапёр ооруканага жеткирилгенин Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Жарылуу 21-сентябрь күнү атайын жабдылган полигондун аймагында пландык иш аракеттер жүрүп жатканда болгон.

“Снаряд өз алдынча детонацияланып, натыйжада келишим менен кызмат өтөп жаткан 10 жоокер жабыркады”, — деп айтылат маалыматта.

Разминирование инфраструктуры города Арыси после серии взрывов боеприпасов - Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы жарылуу: арыстыктардын 50 миң долларлык мүлкү тонолду
Жарадар болгондор Коргоо министрлигинин госпиталына жаткырылып, тийиштүү медициналык жардам алышууда. Мындан тышкары, окуянын чоо-жайы да такталып жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, 24-июнда да Арыстагы аскердик бөлүктө жарылуу болгон. Шаардын жашоочулары эвакуацияланып, кырсыктан эки киши каза таап, 15 адам ар түрдүү жаракат алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0