БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кытайда дүйнөдөгү эң узун деп эсептелген көпүрөнүн курулушу соңуна чыкканын РИА Новости өлкөнүн темир жол корпорациясына таянуу менен жазды.
Маалыматта деңизге курулган көпүрө чыгышта жайгашкан Фуцзянь провинциясында экени айтылат. Шаршемби күнү узуну 17 метрге, салмагы 473 тоннага жеткен акыркы тирөөч коюлган.16,34 чакырымдык көпүрөнүн курулушу 2013-жылы башталган, эми аны ишке 2020-жылы берүү пландалууда. Көпүрө туристтер арасында популярдуу болгон Пинтань аралын Фуцзянь провинциясы менен байланыштырары маалым.
Синьхуа агенттигинин жазганына караганда, аба ырайынын катаал шартынан улам, башкача айтканда, катуу шамал, деңиздеги бороон-чапкындан бул долбоорду ишке ашыруу бир топ эле машакаттуу болгон.
China completes main structure of world's longest cross-sea road-rail bridge in Fujian Province. #HighSpeedRail pic.twitter.com/Cr0oNP2xXj
— China Xinhua News (@XHNews) 25 сентября 2019 г.
Көпүрө эки деңгээлдүү конструкциядан турат, өйдөкүсү алты тилкелүү автомобилдик трасса болуп, андан саатына 100 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө мүмкүн болот. Ал эми ылдыйкысына темир жол салынып, поезддердин ылдамдыгы саатына 200 чакырымды түзөрү айтылды.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Казакстан Кыргызстанга дагы эки авиакаттам ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан билдирди.
Азыркы тапта Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча жумасына эки авиарейс каттап жатат.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Корея соттолгон жарандарын алмашуу боюнча келишим түзүп жатат. Аталган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды.
Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевдин айтымында, учурда Кореяда иштеп жана окуп жүргөн 6000ден ашуун кыргызстандык бар. Ушул күнгө чейин ал жакта эки мекендеш соттолуп, бирөө жазасын өтөп чыккан. Ал эми өлкөдө алты кореялыктын жазык иши каралууда.
Ошондой эле ал буга Башкы прокуратура Кореянын Адилет министрлиги менен жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү тууралуу эл аралык келишимге кол койгонун белгиледи.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россия техникалык жардам катары Кыргызстанга товарларды маркировкалоо системасын түзүү үчүн 623 миллион рублга идентификациялоо жабдууларын алып берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өнөр жай жана соода министрлигинин сайтында маалымдалат.
Билдирүүгө ылайык, кыргыз өкмөтү 2019-жылы жардам сурап кайрылган. Бул боюнча тийиштүү документтер даярдалып, президент Садыр Жапаровдун сапарынын алкагында өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.
Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Россияда бул система ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеген.
"Бул бюджетке кошумча салыктардын түшүшүн, рыноктун тазалыгын камсыздап жана ак ниет өндүрүшчүлөрдүн көмүскө сегменттин атаандаштыгынан коркпой рынокко чыгышына шарт түзөт. Ал эми керектөөчүлөр үчүн сапаттуу жана ден соолукка коопсуз товар алууга, келечекте ЕАЭБдин аймагындагы бардык товарды бирдиктүү система менен текшерүүгө мүмкүнчүлүк жаралат", — деди министр.
Ал эми Кыргызстандын экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков бул макулдашуу эки тараптуу байланыштарды жандандырууга маанилүү кадам болоруна ишеним артты.
Аталган системаны түзүүгө 1,5 жыл убакыт кетет. Бул жумуштарды Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги мамлекеттик келишимдер аркылуу аткарат.