Эмомали Рахмон ашыкча салмак алган жарандарына тынчсызданууда

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүПрилет президента Таджикистана Эмомали Рахмона в Москву
Прилет президента Таджикистана Эмомали Рахмона в Москву - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстан кант диабети дарты жана ашыкча салмак көйгөйү менен мыйзамдын деңгээлинде күрөшүүнү пландап жатат.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Тажикстандын өкмөтү президенттин катышуусу менен өлкөдөгү саламаттык сактоо жаатындагы маселелерди талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт мүчөлөрү Тажикстанда 2019-2024-жылдарга карата ашыкча салмактын алдын алуу жана туура тамактануу программасын талкуулашкан.

Беременная двойней Яна Сухорукова - Sputnik Кыргызстан
Толук аялдар кош бойлуу кезинде көп кыймылдашы керек. Адис себебин түшүндүрдү
Өлкөнүн саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министри Насим Олимзода өз сөзүндө ашыкча салмак көйгөйүнө абдан көңүл буруу керектигин белгилеген. Анткени бул дарттан каза болгондордун жана майып болгондордун саны көбөйүүдө.

Министр жүргүзүлгөн акыркы изилдөөгө ылайык, калктын басымдуу бөлүгү туура тамактануунун ордуна курамында май көп болгон азыктарга ыктап калган. Ашыкча салмак алуунун негизги себеби — фастфуд, газдалган таттуу суусундуктар деди.

Мамлекет башчысы Эмомали Рахмон ашыкча салмак алуунун алдын алуу үчүн конкреттүү чараларды кабыл алуу керектигин билдирди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0