Жаңы жылдын алдында Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтөт

Жазылуу
Өзбекстанда расмий түрдө каттоодон өткөн партиялардын саны өтө эле аз, алардын саны араң бешке жетет.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Өзбекстанда быйыл 22-декабрда парламенттик шайлоо өтөрүн Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Шайлоого катышууну каалаган партиялардын документин кабыл алуу өнөктүгү башталып, өлкөдөгү беш партия БШКга арыз берген.

Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Турускулов: 2020-жылы "Республика — Ата-Журт" шайлоого барбайт
Белгилей кетсек, негизи Өзбекстанда расмий түрдө каттоодон өткөн беш партия бар. Алар Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясы, Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы, "Миллий тикланиш" демократиялык партиясы, "Адолат" социалдык-демократиялык партиясы жана Өзбекстандын экологиялык партиясы.

Шайлоого катышуу үчүн ар бир партия шайлоочулардан 40 миңден кем эмес кол топтошу керек. Документтер шайлоого 35 күн калган убакытка чейин кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0