Нурсултан Назарбаевдин ден соолугу боюнча маалымат тарады

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принял участие в V Каспийском саммите в Актау
Президент РФ В. Путин принял участие в V Каспийском саммите в Актау - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев быйыл 6-июлда 79 жашка толду. Ал 30 жылга чукул мамлекет башкарды.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин фитнес-гаджетиндеги көрсөткүчтү анын маалымат катчысы Айдос Укибай Twitter баракчасына жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Гаджетке катталган маалыматта Назарбаев 1 саат 16 мүнөт жөө басканы айтылат.

​"Нурсултан Назарбаев сергек жашоо образын ар дайым биринчи орунга коёт. Азербайжанга болгон сапары учурунда дагы тыгыз графигине карабай Элбасы Каспий деңизинин жээгин бойлой 4,5 чакырым аралыкты басып өттү", — деди Укибай.

Элбасынын пульсу минутасына 71 ирет, ал эми басып баратканда 82 жолу согуп турган.

Белгилей кетсек, Казакстандын тунгуч президенти быйыл 6-июлда 79 жашка толду. Ушул жылдын 19-мартында тактыны тапшырып берген. Азыркы тапта ал Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматын аркалайт.

Элбасы 14-15-октябрь күндөрү Бакуда Түрк тилдүү элдердин кызматташтыгы кеңешинин VII саммитине катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0