Казакстанда акыркы үч жылда канча киши жынысын алмаштырганы айтылды

© Фото / Pixabay / StockSnapКүзгү. Архивдик сүрөт
Күзгү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам жынысын алмаштырганын тастыктаган медициналык маалым каттын негизинде жаңы документтерди ала алат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Казакстанда акыркы үч жылда 10 адам жынысын алмаштырган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматка ылайык, алардын бардыгы жаңы документтерди алышкан. 10 кишинин төртөө аялга, алтоо эркекке айланышкан. Адистердин айтымында, Казакстанда жынысын алмаштырууну каалагандар анчейин көп эмес.

Жынысын алмаштыргандар операцияны көбүнчө чет мамлекетте жасатышат.

"Адамдар жынысын капысынан эле алмаштыра калбайт. Ага олуттуу түрдө даярданышат. Бул процедура анализдерди тапшырып, медициналык кароодон өтүп коюу менен гана чектелбейт. Гормоналдык терапиядан жылдап өтүү кажет. Андан сырткары, психологиялык жактан да даяр болуу зарыл", — дейт хирург Данияр Урмурзин.

Казакстанда адам жынысын алмаштырганын тастыктаган медициналык маалым каттын негизинде жаңы документтерди ала алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0