Казакстанда баласын куткарам деген ата автобуска урунуп көз жумду

© Sputnik / Табылды КадырбековГородской перинатальный центр в Бишкеке
Городской перинатальный центр в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык полиция ата-бала жолдун чекесине чуркап чыга калганын айтты. Ал жерде жөө адамдар өтө турган чийин жок болчу. Кырсыктан атасы каза болуп, уулу реанимацияга түшкөн.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында жолго чуркап чыга калган уулун куткарам деп атасы автобуска урунуп көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.

Уят барбы? Милиция жол чийиндеги окуучуларды коюп кете жаздады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Уят барбы? Милиция жол чийиндеги окуучуларды коюп кете жаздады. Видео
Социалдык тармакка кайгылуу окуянын видеосу тарады. Кадрлар автобустун видеорегистраторунан алынган.

Анда көрүнүп тургандай, окуучу бала кокустан жолго чуркап чыга калган. Аны коргойм деп артынан чуркап чыккан атасы автобуска урунган.

Аймактык полиция департаментинин маалымат кызматы билдиргендей, окуя 17-октябрда саат 12:30да Кызыл-Ордо шаарында болгон.

"Коомдук транспорттун айдоочусу жолдун чекесине чуркап чыга калган 30 жаштагы эркек менен төрт жаштагы уулун сүзүп кеткен. Алган жараатынан атасы көз жумуп, уулу реанимацияга түшкөн. Айдоочу качып кеткен эмес, экспертиза дайындалды", — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Казакстандын кылмыш кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүмү боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Аталган беренеге ылайык, кылмышка шектүү адам беш жылга эркинен ажыратылып, беш жылга чейин иштей албайт. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0