Кыргыз номери менен Казакстанда эреже бузган айдоочуларга айып Бишкекке келет

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы үч жылда Казакстанда чет элдик номер тагылган автоунаалардын жол эрежесин бузушу эки эсеге өскөн.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Казакстанда кыргыз жана армян номерлүү автоунаалар менен жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдар алар жашаган мамлекетке жөнөтүлөт. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана атайын эсепке алуу комитетинин сайтында жарыяланды.

Нур-Султан, Алматы, Шымкент шаарлары менен Акмоло, Актөбө, Атырау, Чыгыш Казакстан, Караганда, Костанай, Мангустоо жана Павлодар облустарында жол эрежелерин бузган чет элдик номерлүү айдоочуларга айып пулдар 21-октябрдан тарта алар жашаган өлкөгө жибериле баштайт.

Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Автоинспекторлордун укугу кыскарды. Текшерилбей турган документтердин тизмеси
Казакстандын аймагындагы бардык айдоочулар автоунаасы кайда катталганына карабастан милдеттүү камсыздандыруу полисин алуусу кажет. Чет элдик айдоочулар жөнүндөгү кабарлар камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн маалыматтардан алынат.

Аталган мекеме акыркы үч жылда Казакстанда чет элдик номер тагылган автоунаалардын жол эрежени бузушу эки эсеге өскөндүгүн кабарлаган. Мындай абал жол эрежесин бузган чет элдик айдоочуларга карата жогорудагыдай талапты иштеп чыгууга түрткү болгон.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0