Быйыл Өзбекстанга 1 миллион бак отургузулат

Жазылуу
"Бир миллион дарак" деп аталган бул акциянын негизги максаты — экологиянын бузула башташына каршы туруу жана элдин башын бир максатка бириктирип, өлкөнүн жашыл жаратылышын сактап калуу.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Өзбекстанда экология көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруу үчүн жаңы акция башталып, анын алкагында өлкө аймагына 1 миллион бак-дарак отургузуу пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Алгачкы 100 көчөт 24-октябрь күнү Өзбекстандын президентине караштуу Эл аралык инновация борборунун аймагына отургузулат.

Экологическая гражданская акция Всемирный день чистоты (World Clean Up Day) - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев бала-чакасы менен бак отургузду. Парктагы сүрөттөр
Андан соң жашылдандыруу иштери Сыр-Дарыя, Кашка-Дарыя, Сурхан-Дарыя облустарында уланат. Бул жерлерде көчөттөр атайын суусу аз аймактарга тигилет.

"Бир миллион дарак" деп аталган бул акциянын негизги максаты — бактардын азайып, экологиянын бузула башташына каршы туруу. Элдин башын бир максатка бириктирип, өлкөнүн жашыл жаратылышын сактап калуу.

Маалыматта мындай акцияларды жыл сайын өткөрүү пландалып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0