Казакстандагы унаалар. Архивдик сүрөт

Жол эреже экинчи ирет бузулса, автоунаа конфискацияланат. Казакстандагы демилге

146
(жаңыланган 15:16 28.10.2019)
Казакстанда ичип алып айдагандарга талапты катуулатуу боюнча чаралар каралууда. Алардын Россия менен Белоруссиянын тажрыйбасын караштырып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Казакстанда айдоочулар үчүн талапты катуулатып, керек болсо автоунаасын конфискациялоону Россия менен Белоруссиянын тажрыйбасынан алууга ниеттенип жатышат. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды. 

Мындай мыйзамды киргизүү боюнча биринчи иш-аракеттер жасалып жаткандыгын Казакстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев билдирген.

Ал мыйзамдагы жаңылыктар президенттин тапшырмасы боюнча киргизиле тургандыгын тактады.

"Биздин жарандардын автоунааны айдоочулук күбөлүгү жок айдап жүргөн учурлары арбын. Автокөлүктү айдаган укугунан ажыратылса да руль башкарып жүрүшөт. Мындай фактылардан улам биз талапты катуулатуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатабыз", — деген Кожаев.

Министрдин биринчи орун басары Россия менен Белоруссиянын бул жааттагы тажрыйбаларын караштырып жаткандыктарын белгилеген. Анда жол эрежесин бир нече ирет бузган учурда айдап жүргөн автоунаасын конфискация кылуу каралууда.

"Биз ушундай жол менен барууну, бир катар тартип бузуулар боюнча санкцияларды катуулатууну карап жатабыз. Ириде бул мурда жол эрежесин бузуп, б.а. мас болуп алып автокөлүк башкарып жүргөндүгү үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылгандарга тиешелүү болот", — деп түшүндүрдү ал.

Кожаев депутаттардын учурда мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулап жаткандыгын кошумчалады.

27-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мас болуп автоунаа айдагандарга карата талаптуу катуулатуу талабын койгон.

146
Белгилер:
Казакстан, жол эрежеси, мас, айдоочу, конфискация, мыйзам
Тема боюнча
Автоинспекторлордун укугу кыскарды. Текшерилбей турган документтердин тизмеси
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов

Бирде жигит төө минет... Акжолдун Токиодон элге кайрылган видеосу

319
(жаңыланган 20:12 02.08.2021)
Кыргызстандык балбан учурда ал үчүн ар бир кармаш, мүнөт, секунд маанилүү болуп болуп жатканын айткан.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын финалына чыккан Акжол Махмудовдун кыргызстандыктарга кайрылган видеосу жарыяланды.

Видеону кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков Instagram баракчасынын тарыхча бөлүмүнө жүктөдү.

"Ассолому алейкум кыргыз элим, жеңишим сиздерге арналат! "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт. Төө мингенде жигитти, төбөсүнө көтөрүп, тегеректеп эл жүрөт. Жөө жүргөндө жигитти, жөөлөй түртүп эл күлөт" дейт, ошондуктан бүгүн утулуп, максатына жетпей калган жигиттерибизди эч качан сындабагыла. Бул — спорт. Өзүңдө жакшы нерсе болбосо башкалардын да жакшы жагын көрө албайсың. Ошондуктан адам канчалык жамандык кылбасын ар дайым жакшы жагын көргөнгө аракет кылгыла", — деди Махмудов.

Андан ары балбандын казакстандык журналисттерге интервью берип жатканын көрүүгө болот. Анда ал ар бир кармаш, мүнөт, секунд маанилүү болуп жатканын айткан.

"Бүгүн бизди кудай жалгады. Мен бүгүн болбосо качан күрөшөм. Бүгүн утпасам дагы качан утушум мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүк ар кимге эле ар дайым бериле бербейт. Ошондуктан ар бир мүнөт, секунд сайын кудайдан мен тарапта болуп бер деп тиленип жаттым, мен жеңишке муктажмын деп сурандым. Кудай өтүнүчүмдү аткарып жатат", — деди балбан.

Акжол Махмудов Олимпиада-2020 медешинин алтын байгеси үчүн венгриялык Тамаш Лёринц менен эртең күч сынашат.

319
Белгилер:
Акжол Махмудов, олимпиада, күрөш, жеңиш
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Баары алдыда! 22 жаштагы Айпери Медет кызы коло медалын ала албай калды
Үзүр Жусупбеков Олимпиаданын коло байгеси үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алды
Токиодо шоу уюштурууда! Бириккен күрөш дүйнөсү Акжолду алкады. Видео, сүрөт
Кыргызстан балбаны Акжол Махмудов

Атаандашын ай-буйга келтирбей жыккан Акжол. Жарым финалдагы жүрөк толкуткан видео

3170
(жаңыланган 17:20 02.08.2021)
Акжол биринчи эле бөлүктө тик туруп жасаган мыкты ыкмаларды колдонуп, жеңишти камсыздоого жетиштүү упай топтоп койду.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Токио Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан финалга чыкты.

Ал жарым финалда армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсеби менен утту.

Акжол биринчи эле бөлүктө тик туруп жасаган мыкты ыкмаларды колдонуп, жеңишти камсыздоого жетиштүү упай топтоп койду. Башында кыргызстандык балбандын чабал аракети үчүн атаандашы бир упай алып, андан соң калыс Акжол Махмудовду партерге коюп берди. Чалян көтөрүүгө аракет кылганда кыргызстандык балбан контрчабуул жасап, өзүн басып түштү. Бул үчүн Акжолго эки упай берилди. Кийин армениялык спортчуну партер абалына койду. Албетте, Акжол мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай көтөрүп чаап, төрт упай алды. Чалянга тегерек чийинден качып чыгууга аракет кылганы үчүн эскертүү берилип, аны кайра партерге койду. Дагы бир ирет партер берилди эле көтөрүүгө жетишпей калды.

Ал эми экинчи бөлүктө Акжол көп чабуул жасабай, мыкты коргонууга өттү. Мелдештин бүтөрүнө аз калганда армениялык балбан килемден түртүп чыгып бир упай алды.

Натыйжада Махмудов Чалянды 6:2 эсеби менен жеңип, финалга чыкты. Эми ал алтын медаль үчүн күрөшөт.

Кырызстандык балбан 77 килограмм салмак категориясы боюнча ат салышууда. Буга чейин Тунис өлкөсүнөн барган Ламджед Маафини (11:0) жана азербайжандык Рафиг Гусейиновду (9:1) мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.

Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.

3170
Белгилер:
Акжол Махмудов, олимпиада, финал, күрөш, жеңиш
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Токиодо шоу уюштурууда! Бириккен күрөш дүйнөсү Акжолду алкады. Видео, сүрөт
Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло байгеси үчүн ат салышмай болду
Бүгүн борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде көрсөтүлөт

Айсулуу менен Акжолдун күрөшү "Ала-Тоо" аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт

0
(жаңыланган 12:33 03.08.2021)
Бүгүн Акжол Махмудов алтын медаль талашса, Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова жарым финалда кармашат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бүгүн борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде көрсөтүлөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык балбандар саат 15:15те килемге чыгып баштайт. Бул учурда аянтка фан-зона уюштуруп чоң экрандан көрсөтүү чечими кабыл алынган.

"Келгиле спортчуларыбызды биргеликте колдойлу", — деп жазган Надырбеков.

Ошондой эле "Азия Молл" соода борборунда дагы фан-зона уюштуралары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, бүгүн грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов финалдык беттеште алтын медаль талашат.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова жарым финалда кармашат.

Мындан сырткары, Махмудовдун финалдык беттеши анын кичи мекени Араван районундагы "Белек" кино театрында дагы чоң экрандан көрсөтүлөт. Муну президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу маалымдады.

0
Белгилер:
'Ала-Тоо' аянты, күрөш, түз эфир, Союзбек Надырбеков
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Акжол алтын үчүн ким менен күрөшөт? Венгриялык Тамаш Лёринцтин таржымалы