Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. 4-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу өрөөндөрүндө кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +10…+15, Таласта +9…+14, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +7…+12, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +11…+16 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, күндүн табы +13…+15 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0