Тажикстандын чек ара бекетине кимдер кол салганы айтылды

© AFP / Sameer Al-DoumyКуралчан адам. Архив
Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-ноябрга караган түнү 20га чукул куралчан согушкер тажик-өзбек чек арасындагы "Ишкобод" бекетине кол салып, беш автоматты алып кетишкен.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Тажикстандын чек ара бекетине кол салгандар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери болгон. Бул тууралуу Sputnik Telegram-каналындагы "Жакынкы чет өлкө" тайпасына жарыяланды.

Маалыматты Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети ырастады.

Белгилей кетсек, 6-ноябрга караган түнү 20га чукул куралчан согушкер тажик-өзбек чек арасындагы "Ишкобод" бекетине кол салып, беш автоматты алып кетишкен.

Күч структураларынын операциясы маалында 15 согушкер жок кылынып, дагы бешөө колго түшүрүлгөн.

Атышуудан бир чек арачы менен бир милиционер каза тапты. Окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө тобу иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0