Тажикстанда чек арага кол салган согушкерлердин арасында аялдар болгон

© Фото / МВД Республики ТаджикистанНападение на таджикскую пограничную заставу на госрубежах с Узбекистаном
Нападение на таджикскую пограничную заставу на госрубежах с Узбекистаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20 адамдан турган куралданган топ 2019-жылдын 6-ноябрында тажик-өзбек чек арасындагы бекетке кол салган. Алардын арасында аялдар да болгондугу айтылды.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Тажикстандын Ички иштер министрлиги тажик-өзбек чек арасындагы бекетке кол салган согушкерлердин ким экендигин аныктады. Бул туурасында РИА Новости аталган министрликтин маалымат катчысы Умаржон Эмомалиге шилтеме кылып жазды. 

Тажикстандын ИИМ өкүлү чек арага кол салгандар Согдий облусунан чыккан жарандар экендигин билдирген.

"Ишкобод" заставасына кол салгандарды ишке ашыргандардын басымдуу бөлүгү аялдар, Тажикстандын түндүк жагындагы аймактыктар экен. Чек ара бекетине кол салуу боюнча Башкы прокуратура "Террорчулук", "Киши өлтүрүү" жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери боюнча иш козгоду", — деп билдирген ал.

Бойцы-моджахеды в Афганистане. - Sputnik Кыргызстан
Тажикстан: Афганистанда террорчулардын саны көбөйүп кетти
Белгилей кетсек, 6-ноябрга караган түнү 20га чукул куралчан согушкер тажик-өзбек чек арасындагы "Ишкобод" бекетине кол салып, беш автоматты алып кетишкен.

Күч структураларынын операциясы маалында 15 согушкер жок кылынып, дагы бешөө колго түшүрүлгөн.

Атышуудан бир чек арачы менен бир милиционер каза тапты. Кийинчерээк согушкерлер "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү экени аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0