Нур-Султан шаарында 15 сааттан бери жарык жок. Суу менен жылуулук да өчтү

© Sputnik / Ольга ГоловкоГород Нур-Султан
Город Нур-Султан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардыктардын үйүндө суу менен жылуулук да токтогон. Авариянын кесепетин жоюуга беш бригада аракет кылып жатат. Учурда Нур-Султанда -10 градус суук болууда.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында 15 сааттан бери жарык жок (түнкү саат 2.00дөн бери). Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Деятельность ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Шаардыктарга жылуулук кантип берилет. ТЭЦтин ичинен тартылган сүрөт
Ага ылайык, авариядан улам президенттин резиденциясы, Nur Otan партиясынын имараты, "Байтерек" монументи жана жети көп кабаттуу үй жарыксыз калды. Жалпысынан шаар боюнча 25 объектиде электр энергиясы жок.

Анын кесепетинен Нур-Султандагы соода жайлары, бизнес борборлор жана супермаркеттер жабылган. Социалдык тармактын колдонуучулары бир катар тойлор үзгүлтүккө учурап, ишкерлер зыян тартып жатканын жазышууда.

Андан сырткары, шаардыктардын үйүндө суу менен жылуулук да токтогон. Авариянын кесепетин жоюуга беш бригада иштеп жатат. Учурда Нур-Султанда -10 градус суук.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0