Таджикистандын президенти Эмомали Рахмон. Архив

Тажикстанда Эмомали Рахмонду Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүшүүдө

96
(жаңыланган 14:14 18.11.2019)
Рахмонду эл аралык сыйлыкка биринчи жолу көрсөтүп жатышкан жок. Буга чейин да 2008, 2016 жана 2018-жылы бир катар мамлекеттик ишмерлер ушундай сунуш менен чыгышкан.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Тажикстанда Эмомали Рахмонду Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Мындай демилгени президентке караштуу мамлекеттик башкаруу институтунун студенти менен мугалими сунуштаган.

Агенттиктин жазышынча, Тажикстанда өлкө башчысы Нобелдин тынчтык сыйлыгына буга чейин да көрсөтүлгөн. Атап айтканда, 2000-жылы тажик эл жазуучусу Саттор Турсун Эмомали Рахмон дүйнөлүк белгилүү сыйлыкка татыктуу экенин билдирген.

Ушундай эле демилгени 2016-жылы суу чарба боюнча экс-министр жана Тажикстандын Жогорку Советинин депутаты Хикматулло Насриддинов көтөргөн.

Ал эми 2018-жылы Тажикстандагы өзбек коому Рахмон менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёевди Нобель сыйлыгына көрсөтүү үчүн кол чогултууга аракет кылышкан.

Эске салсак, Нобелдин быйылкы тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Алиге ыйгарылды.

96
Белгилер:
Эмомали Рахмон, Нобель сыйлыгы, Тажикстан
Тема боюнча
Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министрине берилди
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архивдик сүрөт

Казакстан алты тармакты түп-тамырынан реформалаганы жатат

122
(жаңыланган 10:53 22.10.2020)
Жогорку совет — бул ушул жылдын 14-сентябрында негизделген орган. Анын негизги максаты — өлкөнүн тез өнүгүшү үчүн саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды ишке ашыруу.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев сентябрь айында негизделген Жогорку советтин алгачкы жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн өнүгүшү боюнча алты багытта тереңдетилген реформа жүргүзүү керектигин белгиледи. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Реформага муктаж болгон багыттар:

  • макроэкономикалык саясат;
  • насыя жана фискалдык саясатты, салык сиситемасын жакшыртуу жана финансы секторунун туруктуулугун бекемдөө;
  • сот жана укук коргоо системасы.

Токаев бул тармакта өтө көп иш кылуу керектигин жана "эптеп жылмалап коюп кутулуп кетем дегендер жаңылышарын" айтты.

Казакстан расмий түрдө өлүм жазасын жокко чыгарды

Социалдык сфера

Өкмөт башчы Аскар Маминге тармакты толугу менен жаңылап чыгып, жаңы Социалдык кодекс түзүү тапшырмасы берилди.

Эркин экономика

Президент Казакстандын экономикасы бир же бир нече гана тармактан көз каранды болбошу керек деп эсептейт. Андыктан кайсы бир тармак жетиле электе же ресурсу түгөнүп бара жатканда оңой эле башкасын баштап кетүү үчүн ишмердүүлүктүн болушунча көп түрүн колго алууну талап кылууда.

Бизнести жөнгө салуу

Өкмөт мүчөлөрү менен "Ата мекен" улуттук ишкерлер палатасы Казакстанда бизнес кылуу мындан ары дагы жеңил болушу үчүн сүйлөшүүлөрүн улантат.

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери Кыргызстандагы абалды талкуулашты

Мамлекеттик башкаруу жана кызмат көрсөтүүлөр

"Мамлекеттик аппарат элге кызмат көрсөтүп, анын көйгөйүн чечүү үчүн болушунча ийкемдүү болуп, санариптешүү жана башка багытта тынбай өнүгүп турушу керек" деп эсептейт президент Токаев.

Жогорку совет — бул ушул жылдын 14-сентябрында негизделген орган. Анын негизги максаты — өлкөнүн тез өнүгүшү үчүн саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды ишке ашыруу.

122
Белгилер:
экономика, реформа, саясат, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Токаев: Кыргызстандагы абалдын турукташуусуна кубанып жатам
Жалкоолук, тойдон-тойго жашоо... Токаев казак коомунун беш кемчилигин атады
Коронавируска тест жасоочу борбордо иштеп жаткан дарыгерлер, Алмата. Архив

Казакстан: COVID жана пневмонияга кабылган медиктерге компенсация төлөнбөйт

47
Буга чейин коңшу өлкө кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган ак халатчандарга 2 миллион теңге бөлүп берчү. Ал эми каза болгондордун жакындарына 10 миллион теңге каралган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Казакстанда кызмат учурунда COVID-19 жуктуруп пневмонияга кабылган медиктерге компенсация төлөө 20-октябрдан тарта токтотулду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Саламаттык сактоо министрлигинин биринчи вице-премьери Марат Шорановдун айтымына таянып кабарлады.

"2020-жылдын 20-октябрынан тарта коронавирус жуктурган медицина кызматкерлерине компенсация берүү боюнча арыздарды кабыл алуу токтотулду. Эгер медик ооруну жумуш учурунда жуктуруп алса, материалдык колдоо жергиликтүү башкаруу органдары, профсоюздардын эсебинен көрсөтүлөт", — деди Шоранов.

Анын айтымында, пандемия башталгандан тарта медиктердин бардыгы коргонуучу каражаттар менен камсыз болуп, санитардык эрежелерди сактоо боюнча окутуулардан өткөн. Ошондой эле өлкө башчынын тапшырмасы боюнча бардык медиктердин айлык акысына үч категория боюнча кошумча акы кошулган.

"Социалдык төлөмдүн токтотулган себеби азыр стационарлар мурдагыдай бейтаптарга толгон эмес, медиктер арасында өлүм учуру жокко эсе", — деди Шоранов.

Элди кыйбай иштегенбиз. Компенсациясын ала албай убара тарткан медиктер

Буга чейин коңшу өлкө кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган ак халатчандарга 2 миллион теңге бөлүп берчү. Ал эми каза болгондордун жакындарына 10 миллион теңге каралган.

47
Белгилер:
оору, коронавирус, компенсация, медик, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Вирусолог COVID-19га каршы вакцина жардам бере албай турган адамдардын тобун атады
Академик: COVID-19 катуу суук түшкөндө басаңдайт
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Руслан Казакбаев Москвада ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту

9
(жаңыланган 20:42 22.10.2020)
Руслан Казакбаев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясына кеткен. Анын жүрүшүндө министр россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бүгүн Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Алар регионго, ошондой эле дүйнөгө терс таасир этип жаткан маселелер боюнча пикир алышып, ЖККУнун алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Казакбаев Кыргызстандагы ички саясий абалдын турукташканы тууралуу кыскача маалымат берип, учурдагы бардык саясий процесстер мыйзам талаасында болуп жатканын айтты.

Ошондой эле тараптар ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин келерки сессиясына даярдык тууралуу кеп кылышты.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясына кеткен. Анын жүрүшүндө министр россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

9
Белгилер:
Станислав Зась, жолугушуу, ТИМ, Руслан Казакбаев, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбекстандын премьер-министри телефон чалып, Садыр Жапаровду куттуктады