Жители города в водопровода на улице. Архивное фото

Нур-Султандын бир бөлүгү суусуз калды. Чака-чайнегин көтөрүп сыртка чыккан эл

333
(жаңыланган 14:14 18.11.2019)
Таңкы саат 5:40тар чамасында суу берүү түтүгүндө авария болгон. Тийиштүү кызматтар кечки саат 20:00дө калыбына келтиребиз дегени менен белгиленген убакытта иштер аяктаган эмес.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын бир бөлүгү жекшемби күнү, 17-ноябрда, авариядан улам суусу жок калган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ага ылайык, таңкы саат 5:40тар чамасында суу берүүчү түтүк жарылып, 20дан ашык көп кабаттуу үй суусуз калган. Суу менен камсыздаган "Астана Су Арнасы" ишканасы тургундарга водовоз менен суу жеткирген.

Бирок шаар тургундары тийиштүү ишкана эч кандай суу алып келбей жатканын социалдык тармакка жазышкан.

Нур-Султан акимиатынын берген маалыматы боюнча, 17-ноябрда кечки саат 22:10до авария четтетилип, суу берүү калыбына келген.

Эске салсак, 10-ноябрда түнкү саат экиде "Левобережная" көмөк чордонунда кабель күйүп кеткен. Анын кесепетинен жети турак жай комплекси менен 25 административдик имарат жарыксыз калган.

Электр энергиясы мамлекеттик маанилүү объектилерде дагы өчкөн. Алардын ичинде Акорда, өкмөттүн имараты, Жогорку сот, сенат, мажилис, министрлер үйү да бар.

333
Белгилер:
авария, таза суу, Нур-Султан, Казакстан
Тема боюнча
Нур-Султан шаарында 15 сааттан бери жарык жок. Суу менен жылуулук да өчтү
КМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архив

КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода калыбына келе баштады

92
КМШнын Статистика боюнча мамлекет аралык комитетинин башчысы шериктеш мамлекеттердин ортосундагы соода боюнча алака-катыштын абалы туурасында айтып берди.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Быйыл көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин ортосундагы өз ара соода байланышынын көлөмү калыбына келе баштады. Бул тууралуу КМШнын Статистика боюнча мамлекет аралык комитетинин башчысы Владимир Соколин билдирди.

Ал КМШнын Экономикалык кеңешинин отурумунда былтыр КМШ мамлекеттеринин ортосундагы сальдо оң болуп, 93,4 миллиард долларга жеткендигин айтты. Бирок бул мурдагы жылга салыштырмалуу 44,4 пайызга аз.

"2020-жылы өз ара соода 2019-жылга салыштырмалуу азайып кеткен. Быйылкы жылдын биринчи кварталынын маалыматтарына таянсак, соода көлөмү акырындык менен калыбына келе баштады", — деген Соколин.

Буга чейин Кыргызстанда мурдагы жылдарга салыштырмалуу былтыр сүт жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү 2 эсеге көбөйгөнү да маалымдалган эле.

92
Белгилер:
байланыш, соода, сүт азыктары, экспорт, КМШ, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан сырасын кайсы өлкөлөргө сатат. Тизме
Казакстанда дагы сабиз менен картошка болуп көрбөгөндөй кымбаттап жатат
Кургак жер. Архив

Казакстандын Аралында суу жетишпей өзгөчө кырдаал жарыялоо пландалууда

225
(жаңыланган 14:38 18.06.2021)
Аймакта суу менен тоют жетишсиз болуп жатканына байланыштуу малчылардын 500дөй жылкысы, ую, кою өлүп калган.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Казакстандын Кызылорда облусуна караштуу Арал районунда катуу ысыктан жана кургакчылыктан улам жайыттар куурап, мал кырылууда. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин киргизүү пландалып жатканын Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматка караганда, суу менен тоюттун жетишсиздигинен улам малчылардын 500дөй жылкысы, ую, кою өлүп калган.

"Облус акиминин тапшырмасына ылайык, учурда Арал районуна өзгөчө кырдаал режимин киргизүү үчүн тийиштүү документтер даярдалып жатат. Бул режимди киргизүүгө негиз боло турган изилдөө иштери соңуна чыкканы калды", — деди акимдин орун басары Еркин Абишев.

Учурда Арал районунда эски 15ке жакын скважина тазаланып жатат. Аларды калыпка келтирүү жайыттардагы абалды жакшыртары белгиленди.

225
Белгилер:
өзгөчө абал, суу, облус, Казакстан
Тема боюнча
Чын эле суу жокпу? Чүйдөгү дарыялардын башынан тартылган видео

Күн күркүрөп, чагылган чартылдап... Түнкү жарышта чуркаган жөө күлүктөр. Видео

0
(жаңыланган 01:16 20.06.2021)
Бүгүн спорт ышкыбоздору үчүн чоң майрам болду. Борбор калаада жыл сайын өтүүчү Toyboss Night Run 2021 жарышы өтүп, көпчүлүккө жагымдуу маанай тартуулады.

Жарыш 5, 10 жана 21,1 чакырымдык үч дистанцияда өттү. Кечки саат 9да башталган иш-чараны эң узак аралыкка чуркоочулар баштап берди. Жаңырган музыка, жолду бойлой суу, банан сунуштап турган уюштуруучулар жөө күлүктөргө дем берип, колдоо көрсөтүп жатышты.

Күндүн көзү бузулуп, жаан жаап, күн күркүрөп, чагылгандын чартылдашы да катышуучуларга жолтоо боло алган жок.

Милиция кызматкерлери жол кыймылын тескеп турса, жөө күлүктөрдүн саламаттыгына кооптуулук жаралып калса деп тез жардам унаасы да нөөмөттө болду.

Марага келген ар бир катышуучу медаль тагынды.

0
Белгилер:
Бишкек, жөө күлүк, жарыш
Тема боюнча
Бишкекте түнкү жарыш старт алды. Сүрөт