Бурганактан улам Нур-Султандагы мектептерде окуу токтоду

© Sputnik / Владислав ВодневОбильные осадки в Нур-Султане
Обильные осадки в Нур-Султане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча кеп эртең мененки сменди токтото туруу боюнча жүрүп жатат. Бирок сууктан улам сабактар такыр эле болбой турганы ыңгайлуу дешти.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Казакстандын Нур-Султан шаарында бурганак менен жааган кардан улам кенже класстын окуучуларынын сабактары токтотулгандыгын Sputnik Казакстан билдирди.

Жители города в водопровода на улице. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Нур-Султандын бир бөлүгү суусуз калды. Чака-чайнегин көтөрүп сыртка чыккан эл
Окуунун токтошу биринчи сменадагыларга тиешелүү экенин айтышты. Борбор шаардын билим берүү башкармалыгы катуу шамал болуп, айлана-тегеректи көрүү начарлагандыктан ушундай чечим кабыл алынгандыгын айтышты.

Акмоло обулусунда да окуучулар мектепке убактылуу барбай турган болду. Ал эми экинчи сменадагы сабактар токтотулабы-жокпу, кийинчерээк айтылмакчы.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар департаменти Нур-Султан шаарынын аймагы боюнча шашылыш билдирүү түшкөнүн кабарлаган. Казгидрометтин маалыматында 19-ноябрда кар түшүп жана бурганак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-18 метрге жетери айтылды.

Маалыматты билим берүү боюнча башкармалыктын органдары таратууда.

Калтырылган сабактар каникулдун же сабактарды узартуунун эсебинен толукталаары кошумча кабарланды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0