Арыктап, ооруп калдык. Нигериялыктар казак полициясына 50 миң долларлык доо койду

Жазылуу
Кылмыш ишин кайра кароодо Караганданын тергөөчүлөрү шектүүлөрдүн көрсөтмөсүн Google сөздүк менен которушканы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Нигериялык эки жаран Казакстандын Караганда облустук полициясын сотко берүүнү пландап жатат. Чет элдиктер уурулукка айыпталып эки жыл абакта отурган. Ал эми 19-ноябрда апелляциялык коллегия тарабынан акталган. Бул туурасында Sputnik Казакстан КТК телеканалына шилтеме берип билдирди.

Нигериянын жарандары эки жылда аябай арыктап, бир нече илдетке чалдыкканын айтып даттанууда.

"Биз бул өлкөнүн системасын, тилин билбейбиз. Абакта өткөн ар бир күн өмүр бою эстен кеткис болду. Биз эч нерсени айта албай жаттык, сот дагы, полиция дагы бизди түшүнгөн жок", — деп айткан даттангандардын бири Клемент Ебоде.

Ошондой эле экөө тең жүрөк оорусуна чалдыгып, нерв системасы жабыркаганын билдирүүдө.

"Бактыбызга жакшы жактоочуга туш болдук. Бирок биздин ишти иликтеген полиция кызматкерлеринен бизге азап салганы үчүн 50 миң доллар талап кылабыз", — деди Нигериянын жараны.

Ликеро-водочный завод Джорджа Вашингтона в Маунт-Верноне - Sputnik Кыргызстан
Түрмөдө отургандар бешбармак жеп, виски ичип. Казакстандагы видео
Чет элдиктер Түркиянын жараны менен бирге Казакстанга ишкерлик кылуу үчүн келишкенин айткан. Бирок иш башталбай жатып өнөктөшү аларды 30 миң доллар уурдады деп айыптаган.

Натыйжада нигериялыктар беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок апелляциялык коллегия тергөө материалдарынан мүчүлүштүктөрдү таап чыккан. Анда кылмыш иши жабырлануучунун айткандарына таянуу менен гана тергелип калганы айтылат. Ал эми шектүүлөрдүн көрсөтмөсүн Google сөздүк менен которушканы аныкталган.

Ишти кайра кароодо тилди жакшы билген котормочу чакырып, нигериялыктар күнөөсүз экенин далилдей алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0