Түркстан: аткаминерлер арабага отуруп, майыптардын азабын көрдү

© Фото / Пресс-служба акима Туркестанской областиЕзда акима Туркестана по городу в инвалидных колясках
Езда акима Туркестана по городу в инвалидных колясках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус жетекчисинин орун басары куруучулар менен долбоор чийгендерди майыптардын коляскасына отургузуп, пандустар менен жүргүзүп, босоголордон өткөрүп, алардын эмне кургандыктарын өздөрүнө көрсөтүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Түркстан шаарынын жетекчиси Рашид Аюпов менен Түркстан облусунун акиминин орун басары Улан Тажибаев бир нече сааттап майыптардын арабасы менен шаар кыдырып чыкты. Бул туурасында Sputnik Казакстан кабарлады.

Тажибаев Facebook баракчасына бул иш-аракеттер туурасында пост жазган. 

Аткаминерлер муну менен майыптардын арабасында отургандар күн сайын кандай кыйынчылык менен ары-бери каттай турганын аныктап билгиси келген.

"Коляска менен кетип бара жатканда асфальттагы ар бир тешик, кыйшайып же чыгып калганы, периланын температурасы, ал тургай адам кийип турган күрмөсүнүн узундугу эске алынат. Майыптыгы бар адамдар каалаган жерине бара албай, анын ичинен жүздөгөнү эч ким менен тааныша албай калып жатат. Куруучулар менен долбоор чийгендерди майыптардын коляскасына отургузуп, пандустар менен жүргүзүп, туалеттерге киргизип, босогодон өткөрүп, алардын эмнени долбоорлоп жана кандай кургандыктарын өздөрүнө көрсөтүү керек", — деп жазган Тажибаев.

Ал аталган аймакта ыңгайлуу жолдорду куруп, инклюзивдүүлүктү арттырып жана ар кыл объектилерге кирип-чыга ала турган мүмкүнчүлүктүн деңгээлин баалоо системасын киргизүү зарылдыгын айткан. Мындан сырткары, облус жетекчисинин орун басары майыптыгы бар адамдар менен биргеликте алар көбүрөөк жүрө турган жолдорду аныктай турган болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0