Казакстандыктар Назарбаевдин урматына эртең эс алмай болушту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКазакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туура 28 жыл мурун, дал ушул күнү Назарбаев биринчи жолу Казакстандын президенти атыгып, өлкөнү ушул жылдын март айына чейин башкарды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Казакстанда өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин күнүнө карата 2-декабрь расмий эс алуу күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев Россия — Украина ортосуна арачы болуу максатында. Кремль эмне деди
Биринчи президенттин күнү Казакстанда 1-декабрда белгиленет, бирок ал жекшембиге туура келгендиктен эс алуу күнү дүйшөмбүгө жылды.

Салтанаттуу иш-чаралар 1-декабрь күнү өлкөнүн бардык булуң-бурчунда өтүп жатат.

Ал эми тунгуч президент Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева соцтармакта атасын мамлекеттик майрам менен куттуктап, 1991-жылы 1-декабрда алгачкы жалпы элдик шайлоонун негизинде өлкө президенти болуп шайланганын эске салган.

Белгилей кетсек, Елбасы болгон улут лидери президенттиктен 2019-жылдын 20-мартында кетти. Бирок Коопсуздук кеңешинде, Nur Otan партиясында төрагалык милдетин жана Казакстандын Конституциялык кеңешинин мүчөлүгүн сактап калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0