Өзбекстан менен Тажикстанга чектеш айылдарды өнүктүрүүгө 100 млн. сом бөлүнөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМужчина поливает грядку у себя в огороде. Архивное фото
Мужчина поливает грядку у себя в огороде. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программанын максаты — чек арага жакын жашаган тургундардын жашоо-шартын жакшыртып, айылда калышына шарт түзүп берүү

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кийинки жылы чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө 100 миллион сом бөлүнөт. Бул туурасында 2020-жылга карата кабыл алынган бюджеттин мыйзам долбоорунда жазылган.

Вице-премьер Жеңиш Разаков Баткен облусундагы иш сапарында Ак-Cай — Тамдык жана Ак-Cай — Рават жолунун курулушу менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер чек арага жакын аймактарга салынып жаткан жолдон кабар алды
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев аталган программа Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында Өзбекстан менен Тажикстандын чегинде жашагандарга тиешелүү экенин айтты.

Ага ылайык, каражат социалдык объектилерди курууга, айыл өкмөттөрдүн ишин жакшыртууга жана жумуш орундарын түзүүгө бөлүнөт. Мындан сырткары, айылдардын ичинде жасалган иш-чараларга колдоо көрсөтүп, жергиликтүү долбоорлордун ишке ашырылышын шарттайт.

Токтошевдин айтымында, программанын максаты — чек арага жакын жашаган тургундардын жашоо-шартын жакшыртып, айылда калышына шарт түзүп берүү.

Ал эми 2019-жылы чек арага чектешкен аймактарды өнүктүрүүгө 50,6 миллион сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0