Сүйкүмдүү канайым! Шавкат Мирзиёевдин жубайы туулган күнүн белгиледи

© AFPВизит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Индию
Визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Индию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи болуп апасын улуу кызы Саида куттуктады. Ал өзүнүн Instagram баракчасына апасына бакыт жана ден соолук тилеген постун жайгаштырды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Өзбекстандын канайымы Зироатхон Мирзиёева 4-декабрь күнү туулган күнүн белгиледи. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Биринчи болуп апасын улуу кызы Саида куттуктады. Ал өзүнүн Instagram баракчасына апасына бакыт жана ден соолук тилеген постун жайгаштырган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Saida Mirziyoyeva (@saida_mirziyoyeva)

"Ар дайым ден соолукта болуңуз. Сиз биз үчүн чоң бакытсыз!" — деп жазды ал.

Биринчи айымды социалдык тармак колдонуучулары дагы куттуктап, узак өмүр жана жагымдуу көз ирмемдерди каалашты.

"Туулган күнүңүз менен! Түгөнбөгөн кубаныч жана бакыт каалайм", — деп жазды @ziyodahon.u080 аттуу колдонуучу.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана биринчи айымы Зироатхон Хошимова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирзиёевдин жубайы Зироатхон Хошимова же Ойхон тууралуу 7 факты
"Биздин сүйкүмдүү биринчи айымыбыз! Жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин!" — деген каалоо-тилегин @dilshodakamarova билдирди.

Ал ортодо куттуктоолорго коңшу өлкөлөрдүн жарандары дагы кошулду.

"Кандай сулуу канайым! Коңшу өлкөгө гүлдөп-өнүгүү каалайбыз. Казакстандан салам!" — деди @solpan_s.

Зироатхон Мирзиёева Фергана өрөөнүнүн Кокон шаарында төрөлүп-өскөн. Кесиби боюнча инженер-экономист. Ал Ташкенттеги Ирригация жана мелиорация институтунда окуган. Бирок учурда кесиби боюнча эч жерде иштебейт, үй кожойкеси. Биринчи айымдын туулган жылы боюнча маалыматтар ачык булактарда кездешпейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0