Казакстан дүйнөгө үлгү болду! Кызыл чырым коому "Жусан" операциясына таң берди

© AFP / KARIM SAHIBИрактагы лагерде жайгашкан кыз. Архив
Ирактагы лагерде жайгашкан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иракта калып калган кыргызстандыктардын балдарын кайтарып алуу маселеси Кыргызстанда дагы көтөрүлгөн. Бул демилгени ЮНИСЕФ колдоого даяр экенин билдирген.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кызыл чырым эл аралык комитетинин жетекчиси Петер Маурер Иракта казакстандык келиндер төрөгөн бөбөктөрдү кайтарып алуу боюнча "Жусан" операциясынын ийгилигине таң берип, президент Касым-Жомарт Токаевге кат жолдоду. Бул тууралуу Акорданын маалыматына таянып Sputnik Казакстан жазды.

"Жусан" операциясын ийгиликтүү өткөрүү менен Казакстан мындай татаал маселени чечүү жолун тапкычтыгы боюнча бүткүл дүйнөгө үлгү боло алды. Мындан ары дагы Кызыл чырым комитети согуш болгон аймактардан кайткандарга психологиялык жардам көрсөтүү боюнча жана эне менен балдардын башын бириктирүү аракеттерине колдоо көрсөтөт", — деди Маурер.

Ошондой эле ал Нур-Султан же Алматы шаарларында дал ушундай көйгөйгө туш болгон өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, тажрыйба алмашуу болсо деген сунушун айтты.

Ситуация в Ираке - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: кыргызстандыктардын Ирактагы балдарын кайтарууну көздөп жатабыз
Баса, Иракта калып калган кыргыз балдарын кайтарып алуу маселеси Кыргызстанда дагы көтөрүлгөн. Быйылкы жылдын август айында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы жетекчиси Кристин Жольмду кабыл алып, Кыргызстан бул маселе боюнча уюмдун колдоосуна муктаж экенин айткан. Ал эми ЮНИСЕФ жетекчиси кыргыз тараптын бул демилгесин өтө жылуу кабыл алганын жана аны колдоого даяр экенин билдирген.

"Жусан" операциясы

2019-жылдын башынан бери Казакстан Сирияга жана Иракка барып ошол жерде калып калган аялдар менен балдарды кайтарып келүү үчүн "Жусан" операциясын ишке ашырып келет.

Үч жолу ийгиликтүү өткөн "Жусан" гуманитардык операциясынын жыйынтыгы менен Сириядан 600 казакстандык мекенине келген. Анын 30у — эркек, 137си — аял жана 406сы — балдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0