Нур-Султандын тургундары бороон-чапкындан улам шаардан чыга албай жатышат

© Sputnik / Владислав ВодневНур-Султан шаары. Архив
Нур-Султан шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын көпчүлүк аймактарында аба ырайынын температурасы төмөндөп, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 23-28 метрге чейин жетүүдө.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Нур-Султандын жашоочулары аба ырайынын катаалдыгынан улам шаардан чыга албай жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

"6-декабрь саат 20.30дан бери Нур-Султан шаарында катуу бороон-чапкын болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге жетип жатат. Мындан улам калаадагы жолдор бардык транспорттор үчүн жабылды", — деп айтылат маалыматта.

Казакстандын айрым аймактарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 23-28 метрге чейин жетүүдө.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0