БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Тажикстандын "Ишкобод" чек ара бекетине кол салган террорчулардын арасында аялдар жана балдар да болгон. Күч органдарынын өкүлдөрүндө тандоо калбагандыктан баарын жок кылууга туура келген. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин Европа биримдиги менен Тажикстандын ортосундагы кызматташуу кеңешинин сегизинчи жыйыны учурунда билдирди.
Ал тажик-афган чек арасындагы абал курч болуп жатканын жана "Ишкободго" чабуул болгонун айтып берген.
"Кол салгандардын арасында аялдар менен балдар дагы бар болчу. Күч түзүмдөрү аларды сактап калууга аракет жасашты, бирок атышуу учурунда кээ бирлери набыт болду. Согушкерлер башка айла калтырбады", — деди Мухриддин.
Күч структураларынын операциясы маалында 15 согушкер жок кылынып, дагы бешөө колго түшүрүлгөн.
Атышуудан бир чек арачы менен бир милиционер каза тапкан. Кийинчерээк кол салган согушкерлер "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү экени аныкталган.
Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.
"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.
Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кытайдын социалдык тармагында жетекчисин швабра менен башка-көзгө чапкылаган кыздын видеосу желдей тарады. RT басылмасы билдиргендей, эркек киши кызга асылып, ыплас билдирүүлөрдү тараткан.
Una empleada golpea a su jefe con una fregona por supuesto acoso
— RT en Español (@ActualidadRT) April 18, 2021
Un funcionario gubernamental chino fue despedido tras viralizarse un video en el que una empleada lo golpea con una fregona, supuestamente por acosarla con mensajes de texto no deseados. pic.twitter.com/ia2znLTUmd
Окуя 11-апрель күнү Суйхуа шаарында (Хэйлунцзян провинциясы) болгону маалымдалды. Кыздын шаардагы жакырчылык менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысын швабра менен чапкылаган видеосу 14 мүнөткө созулат.
Билдирмеге ылайык, кытайлык кыз жетекчисинин туура эмес, ыплас билдирүүлөрдү жибергенине жини келген. Начальниги кыз швабра менен ургулай баштаганда кечирим сурап, тамашалап койгонун айткан.Видео интернетке желдей тараган соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында бөлүм башчынын кызматтан кеткени айтылды. Ошондой эле ал Кытайдын Коммунисттер партиясынын катарынан да чыгарылган.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.
Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган.