110 миң доллар алмак. София Ротару Казакстанда ырдагандан баш тартты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүXXII Церемония вручения музыкальной премии "Золотой Граммофон"
XXII Церемония вручения музыкальной премии Золотой Граммофон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү өнөр адамынын өкүлү анын чечимин улгайышы менен түшүндүргөн. 72 жаштагы артист учурда чакырган жерлерди кылдат тандап жатканын айткан.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. СССРдин эл артисти София Ротару Казакстандагы жаңы жылдык кечеде ырдоодон баш тартты. Ага сый акы катары 110 миң доллар берилмек. Бул туурасында Sputnik Казакстан маалымат агенттиги ырчынын концерттик директору Сергей Лавровго шилтеме берип жазды.

Ырчынын өкүлүнүн айтымында, Ротару жакынкы убакта ири гастролдук турга чыгып же жеке иш-чараларга катышууну каалаган жок.

"Анын бул курактагы кайсы кесиптеши байма-бай гастролдоп жүрөт? Азыр София Михайловна дүйнө кезгиси келген жок", — деген Лавров.

Ал Ротару кээде гана күйөрмандарынын каалоосун аткаруу үчүн учуп жетүүгө жеңилирээк шаарларга бара турганын кошумчалаган.

София Ротару 1947-жылы 7-августта Украинада төрөлгөн. Анын репертуарында ар кандай тилде 500дөн ашуун ыр бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0