Назарбаев биринчи жолу эл алдына Токаев таккан орден менен чыкты. Сүрөт

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКазакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурсултан Назарбаевге Казакстандын мамлекеттик сыйлыктарынын эң жогоркуларынын бири Касым-Жомарт  Токаевдин инаугурациясында тапшырылган. Бирок ал бул орден менен 15-декабрга чейин эл алдына чыга элек болчу.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев учурдагы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев тапшырган орден менен эл алдына чыкты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Назарбаев Халық қаарманы (Эл баатыры) жана Еңбек Ері (Эмгектин баатыры) ордендерин Көз карандысыздык күнүнө арналган майрамда тагынып чыкты. Касым-Жомарт Токаев аталган сыйлыктарды Назарбаевге 2019-жылдын 20-мартында — инаугурация күнүндө тапшырган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Елбасының Баспасөз қызметі🇰🇿 (@elbasy_nazarbayev)

"Астана Опера" театрында өткөн салтанатта Елбасы жаңы муун көз карандысыз мамлекетте жашап жатканына сыймыктана турганын билдирди.

Казакстан эгемендүүлүк күнүн 16-декабрда белгилейт. Бул күндүн урматына казакстандыктар эки күн эс алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0