Нур-Султандын сулуусу 19 жаштагы студент болду. Сүрөт

© Sputnik / Владислав ВодневКонкурс красоты "Мисс Астана 2019" в Нур-Султане
Конкурс красоты Мисс Астана 2019 в Нур-Султане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка катышуу үчүн 583 кыз арызын берген. Финалда 19 сулуу таажы үчүн таймашып, 19 жаштагы Айзада жеңип алды. Эми “Казакстан сулуусу” үчүн ат салышат.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. “Астана сулуусу - 2019” сынагынын жеңүүчүсү 19 жаштагы Айзада Хабиболлаева болду деп жазды Sputnik Казакстан.


Ал улуттук “Казакстан сулуусу” сынагына катышып, дагы бир ирет ажарлуу экендигин далилдемекчи.
Эксклюзивдүү таажыны сулууга былтыркы жарышта ажарлууларды алдына салбаган Еркеназ Сейфулла кийгизди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от МИСС КАЗАХСТАН (@misskazakhstan_official)

Айзада белекке расмий фотосессияга укук, сулууланып, боенгон мастер-класска мүмкүнчүлүк, баалуу үлпөт көйнөк, 500 миң теңге (89 миң сом) суммасындагы сертификат тартууланды.

"Казак улуттук университетинде окуйм. "Астана сулуусу" болуш мен үчүн абдан маанилүү. Таажыны сыймык менен кийип жүрөм, оор деле эмес экен", — деген Айзада.

Сынакка катышуу үчүн 16-24 жаш аралыгындагы 583 кыз арызын берген. Финалда 19 сулуу таажы үчүн таймашкан.

Sputnik Казакстан "Астана сулуусу" сынагынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0