Өзбекстанда добуш берүү аяктап, шайлоо тилкелери жабылды

© AFP / MUKHAMMADSHARIF MAMATKULOVПарламентские выборах в Узбекистане
Парламентские выборах в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандыктар Олий Мажилис менен жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлады. Добуш бере тургандардын бирдиктүү тизмесинде 20,5 миллиондон ашык жаран катталган.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Өзбекстан аймагында парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Борбордук шайлоо комиссиясы саат 13:00дө шайлоого келгендер 42 пайызды түзгөндүгүн жана бул шайлоо өттү дегенди билдирерин жарыялаган. Ал эми саат 18:00гө алган маалыматтарда шайлоочулардын 68,7 пайызы же 12.9 миллион адам келгендиги айтылган. 

Города мира. Самарканд. Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан The Economist журналынын версиясы боюнча "жылдын өлкөсү" аталды
Дагы 1,7 миллион киши өлкөнүн сыртында катталган. Тышта жүргөндөрдүн добуш бергени боюнча маалымат кошумча билдирилери айтылган.

Шайлоочулардын бирдиктүү тизмесинде 20,5 миллиондон ашык жаран катталган.

Бул жолку шайлоо жаңы кодекстин негизинде өттү. Ага биринчи жолу беш партия катышты. Алар Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясы, Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы, "Миллий тикланиш" демократиялык партиясы, "Адолат" социалдык-демократиялык партиясы жана Өзбекстандын экологиялык партиясы.

Шайлоого катышуу үчүн ар бир партия шайлоочулардан 40 миңден кем эмес кол топтошу керек.

Парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы эртең, 23-декабрда, саат 14:00дө айтыларын билдиришти.

Учурда добуштарды саноо жүрүп жатат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0