Өзбекстан парламентине этникалык кыргыз аял депутат болду. Сүрөт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЗдание генконсульства Республики Узбекистан в Екатеринбурге
Здание генконсульства Республики Узбекистан в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Джанибекова 46 жашта, Ташкент шаарында төрөлүп, Гүлистан мамлекеттик университетин аяктаган. Учурда аталган жогорку окуу жайда сабак берет.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Өзбекстандын Олий мажилисине этникалык кыргыз, окумуштуу Нодира Джанибекова депутат болуп шайланды. Бул туурасында Өзбекстандагы "Адолат" социал-демократтар партиясынын сайтында кабарланды.

Ал өзүнүн «Фейсбуктагы»  баракчасына талапкер кезиндеги үгүт баракчасын жарыялаган.

Маалыматта Нодира Джанибекова Абдусаломовнанын 46 жашта экендиги, Ташкент шаарында төрөлүп, Гүлистан мамлекеттик университетин аяктаганы айтылат.

Эмгек жолун методист болуп баштап, кийин тарых жана коом таануу мугалими болуп уланткан. Андан соң өзү аяктаган университетте мамлекеттүүлүк негиздери жана укук боюнча сабак берген. Учурда улук окутуучу.

Сафаров: Кыргызстан менен Тажикстандын позициясы бир топ маселелерде бир
Парламенттик шайлоого "Адолат" социал-демократтар партиясынан катышкан. БШКга талапкер катары Олий Мажилиске — Мыйзам чыгаруу палатасына №74 Янгиер шайлоо округунан катталган.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, үйдүн эң улуусу, атасынын кесиби да мугалим.

Эске салсак, 2019-жылдын 22-декабрында Өзбекстанда Олий Мажилиске шайлоо өтүп, ага Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясы, Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы, "Миллий тикланиш" демократиялык партиясы, "Адолат" социалдык-демократиялык партиясы жана Өзбекстандын экологиялык партиясы катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0