Ката кетирбейт эле... Алматыда кыйраган лайнердин учкучу кандай адам болгон

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүКрушение пассажирского самолета в Казахстане
Крушение пассажирского самолета в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алматыда лайнер менен кошо кулап каза тапкан Марат Муратбаев 1982-жылы Актөбе шаарындагы Жогорку жарандык авиация училищесин аяктаган. Абада жалпысынан 20 141 саат өткөргөн.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Алматы шаарында кырсыктаган учактын каза болгон командири абдан кесипкөй учкуч болгон. Бул тууралуу Казакстандын алгачкы аял-учкучу Тоты Амированын пикирине таянып Sputnik Казакстан жазды.

"Ал өз ишинин чебери жана мыкты адам болчу. Эгер учак жетиштүү көтөрүлө албай калса, бул бир гана учкучтун күнөөсү эмес. Балким кыймылдаткычтар бузулду же дагы башка көйгөй жаралды", — деди Амирова.

Маратбаевдин чеберчилиги тууралуу маркум ырчы Батырхан Шукеновдун агасы Бауыржан Шукенов дагы баса белгиледи.

"Марат Муратбаев менен көп жыл мурда ЯК-40 учагы менен Кызыл-Ордодон Алматыга учтук эле. Абага көтөрүлгөндө учак титиреп, кайра аэропортко кайтканбыз. Түшсөм, Марат сыртта турат, мени карап жылмайды. "Эмне болду, Маке?" деп сурасам "Түшүнүксүз вибрация пайда болду. Тобокелчиликке салбай артка кайттым" деп жооп берди эле. Марат мындай ката кетирбейт эле", — деп жазган Шукенов.

Марат Муратбаев 1961-жылы 7-мартта туулган. 1982-жылы Актөбе шаарындагы Жогорку жарандык авиация училищесин аяктаган.

Эске салсак, 27-декабрда Алматы аэропортунан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак кийин кулап түшкөн. Трагедиялуу окуяга байланыштуу 28-декабрь — Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0