Роналду менен Хабиб казакстандык буту жок бала менен жолукту. Видео

© REUTERS / ALBERTO LINGRIAФутболчу Криштиану Роналду. Архив
Футболчу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11 жаштагы Али Турганбеков футбол жылдыздары Лионель Месси, Диего Марадона, Неймар, Кавани жана Мбаппе менен жолугууга жетишкен.

БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Нур-Султандагы буту жок бала Али Турганбеков футбол жылдызы Криштиану Роналду менен жолукту.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ali Turganbekov (@ali_amir_happy)

11 жаштагы Али Роналду менен топ ойноп, кумири менен кучакташып, ага Казакстандан чыккан шоколад тартуулаган. Спортчу баланын тобуна колун коюп берген. Видео Алинин Instagram баракчасына жүктөлдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ali Turganbekov (@ali_amir_happy)

Кадр менен UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов да бөлүшкөн.

"Мына ошондуктан дүйнөдө сен мыктысың. Чоң рахмат, Роналду. Сен менин инимди бактылуу кылдың", — деген Хабиб.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Khabib Nurmagomedov (@khabib_nurmagomedov)

Жакында эле Нурмагомедов да Алматыдагы ММА турнирине конок болуп келгенде Али менен жолуккан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Vesti.kz (@vestikzsport)

Али Турганбеков — футболдун ашыккан фанаты. Ал буга чейин Лионель Месси, Диего Марадона, Неймар, Кавани жана Мбаппе менен жолугууга жетишкен. Sputnik Казакстан даярдаган видеодо өспүрүм тууралуу кенен маалымат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0