Казакстанда жаңы шаар пайда болду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүШаар. Архив
Шаар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жыл мурда жашоочулар айылдын статусун жогорулатуу, жаңы ат берүү боюнча маселе көтөрүп, жыйын өткөрүшкөн.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Затобольск айылын Тобыл шаары деп атоо боюнча токтом чыгарды. Документ Акордонун сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, Затобольск айылы Костанай облусунун Костанай районунда жайгашкан. Ал 1863-жылы негизделген. Анда болжол менен 26 миңден ашык адам жашайт.

2018-жылы жергиликтүү бирикменин жыйыны өтүп, жашоочулар айылдын статусун жогорулатып, жаңы ат берүү боюнча маселе көтөрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0