Сотрудники спасательной службы и полиции работают на месте крушения самолета Fokker 100 казахстанской авиакомпании Bek Air, следовавшего рейсом Алма-Ата – Нур-Султан.

Үстүнө муз тоңгон. Алматыдагы авиакырсыктын негизги себеби айтылды

884
(жаңыланган 13:21 05.02.2020)
27-декабрда Алматы аэропортунан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак кулап түшкөн. Каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Өкмөттүк комиссия Bek Air компаниясына таандык учактын Алматы облусунда кыйрашынын себептери тууралуу алдын ала маалымат беришти. Бул жөнүндө Sputnik Казакстан жазды. 

"Аэропортто эки суткадан ашык турган борттун үстү жагына тоңгон муз учакты кулатышы мүмкүн. Андыктан кырсыктын негизги себеби катары учактын тоңуп калышы каралып жатат", — деди өлкөнүн вице-премьери Роман Скляр.

Анын айтымында, тоңуп калууга каршы каражат борттун айрым жерлерине гана сүйкөлгөн.

"Аба кемесинин командири музга каршы каражатты учактын тең салмакты сактоочу бөлүктөрүнө гана сүйкөтүүнү чечкен. Ал эми канаттарына сүйкөлгөн эмес", — деди Скляр.

Ошондой эле ал техникалык башка жагдайлар бардык талапка туура келгенин, экипаж тараптан аба кемесине карата нааразычылыктар айтылбаганын билдирди.

Алматыда кыйраган учак

27-декабрда Алматы аэропортунан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак кулап түшкөн. Каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Кулаган учак Bek Air авиакомпаниясына таандык болгон. Борт ичинде 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү бара жаткан.

884
Белгилер:
себеп, Кыйроо, учак, Алматы, Казакстан
Тема:
Алматыда жүргүнчүлөрдү ташып бараткан учак кулады (26)
Тема боюнча
Алматыдагы авиакырсык: каргашанын үч себеби айтылды
Учагы кулаган Bek Air компаниясынын башчысы: пилотторго тийбей, мени камагыла! Видео
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков

Новиков ЕАЭБ пандемияга туруштук берүү үчүн эмне кылуу керектигин айтты

48
(жаңыланган 17:47 04.12.2020)
Новиков өз ара ишеним мейкиндигин түзүү, барьерлерди максималдуу түрдө жоюу жана кызматташуу механизмдерин өркүндөтүү сунушун ортого салды.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков COVID-19 пандемиясы маалында Евразия экономика биримдигине кирген өлкөлөрдүн интеграциясын бекемдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.

Новиковдун айтымында, өз ара ишеним мейкиндигин түзүү, барьерлерди максималдуу түрдө жоюу жана кызматташуу механизмдерин өркүндөтүү керек. Муну ЕАЭБди өнүктүрүү институтунун ишин күчөтүү аркылуу да жасаса болот.

Ошондой эле ал пандемия өндүрүш чынжырчасынын начардыгын жана инфраструктураны өнүктүрүү муктаждыгын көрсөткөнүн белгилеген. Аны менен катар региондор аралык өз ара байланыш биринчи кезекте керектелүүчү продукция менен камсыздоо үчүн гана эмес, жалпы жонунан товар жүгүртүүнү колдоо керектигин айгинелегенин айткан.

"Биздин өлкөлөрдүн күчтүү жактарын өнүктүрүүгө, бири-бирин толуктап турууга жана биримдиктин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга маани берилиши керек. Биринчи кезекте союзга кирген өлкөлөрдүн суроо-талаптарын жана керектөөсүнүн болжолун түзгөн ЕАЭБдин бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин ишке ашыруу шарт. Биз өз өлкөбүздө товарлардын бардык түрүн чыгарууга аракет кылбашыбыз керек. Бул ички рынокту коргоону алсыздатып, жаңы барьерлерди жаратууга алып келет", — деди өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Мындан сырткары, Новиков ЕАЭБ өлкөлөрү бири-биринин экономикасын толуктап турушу керектигин кошумчалаган.

48
Белгилер:
өнүктүрүү, кызматташтык, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Артем Новиков
Тема боюнча
Оор жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жакшырталы. Новиков ШКУ жыйынында маселе көтөрдү
ВТБ банкынын президенти Андрей Костин. Архив

Россиялык банкир интеграциянын мыкты мисалдарын атады. Бири КРге байланыштуу

141
(жаңыланган 17:04 04.12.2020)
Андрей Костин алгачкы Евразия конгрессинде сүйлөп жатып банктар экономика менен интеграциянын локомотиви боло аларын белгиледи.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Экономикалык интеграциянын эки мисалын "ВТБ банкынын" президенти Андрей Костин атады.

Алгачкы Евразия конгрессинде сүйлөп жатып, ал банктар экономика менен интеграциянын локомотиви боло аларын белгиледи.

"Биздин банк Казакстандагы ири тоо-кен металлургия тармагындагы топ менен кызматташат. Биз каражат менен гана камсыздабастан, андан чопо сатып алып Тажикстанга жөнөтөбүз. Ошондой эле алюминий өндүргөн компанияны каржылап, ордуна даяр продукция алабыз. Товарды дүйнөлүк рынокко чыгарабыз", — деди Костин.

Мындай жол менен ал Россия, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосунда интеграция жүргүзүп жатканын айтты. Бул финансылык түзүмдөр ишке ашыра ала турган интеграциялык кызматташтыктын бир мисалы экенин кошумчалады.

"Ошондой эле биз Кыргызстандагы ири алтын кенине инвестор жана кредитор болуп бердик. Кеп "Жерүй" долбоору жөнүндө болуп жатат. Бул дагы финансылык институттар экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо аларын көрсөткөн экинчи далил", — деди банк жетекчиси.

Буга чейин адистер ЕАЭБди мындан ары өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керектигин айтышкан эле.

141
Белгилер:
банк, экономика, интеграция, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Адис ЕАЭБди мындан ары өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керектигин айтты
Евразия өнүктүрүү банкы "Манас" аэропорту жана Темир жол долбоорун карап жатат
Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Кытай Кыргызстан Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат

0
Министр темир жолду куруу иштерине кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов билдирди.

4-декабрда Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган биринчи Евразия конгресси өттү.

Форумдун алкагында министр Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын ЕАЭБдеги артыкчылыктарын айтып берди.

"Биз ЕАЭБдин түштүк чек арасында жайгашканбыз. Кыргызстан аркылуу Кытай, Индия жана Пакистанга жол ачылат. Тилекке каршы, бул ири рыноктор Кыргызстан тарабынан колдонулбай жатат. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса ЕАЭБге көп пайда алып келмек", — деди Мукамбетов.

Анын айтымында, бул ири долбоор көп жылдардан бери ишке ашпай келе жатат.

"Кыймыл бар. Жолдун узундугу, казылуучу тоннелдердин саны, калктуу конуштарды аралап өтүүчү участоктор талкууланып жатат. Бирок бул маселеде саясий чечим талап кылынат. Ошондой эле бул долбоорго кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек", — деди министр.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

0
Белгилер:
министр, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан, темир жол, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга Россия да кызыкдар
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат