Нур-Султандан чыкчу жолдор жабылды, бири фура менен тосулду. Видео

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин айдоочулар жабык жолдо башаламандык жаратып, атайын белгиге карабай, асфальтты бойлоп өткөн талаа менен айдашкан.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Казакстандын "КазАвтоЖол" улуттук ишканасы бурганактын айынан бир нече автожолду жаап койду. Ал тургай айрым айдоочулар жолго чыкпасын деп Нур-Султан — Щучинск трассасын жүк ташуучу унаа менен тосууга аргасыз болушканын Sputnik Казакстан жазды.

"Аба ырайынын катаал шартынан улам коопсуздукту сактоо максатында жолдор жабылып, Нур-Султан — Щучинск жолунун айланма жолго өтүүчү жерин жүк ташуучу авто менен тосуп койдук", — деп айтылат макалада.

Буга чейин айдоочулар аталган жолдо башаламандык жаратып, "убактылуу жабык" деген белгиге карабай, асфальтты бойлоп өткөн талаа менен айдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0