Жыландан тарадыбы? Кытай илимпоздору коронавирустун эмнеден чыкканын боолголоду

© AFP / NOEL CELISРаспространение коронавируса в Китае
Распространение коронавируса в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгону байкалган. Оорудан дем алуу органдары, ичеги-карын, нерв системасы зыян тартат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кытай окумуштуулары жаңы коронавирус жыландар аркылуу тараганын болжолдоп жатышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Пекин, Наньнин, Нинбо жана Ухань шаарларынын окумуштуулар тобу вирустун структурасын реконструкциялап көрүшкөн. Натыйжада вирустун генетикалык структурасы Кытайдын түштүгүн байырлаган түрдүү түстөгү, тарам-тарам болгон крайт жана кытай кобраларына жакын экени аныкталган.

"Иликтөөнүн жыйынтыгы вирустун булагы жыландар болушу мүмкүн экенин көрсөтүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Кытай мамлекетинин медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда коронавирус чыккан шаарга кирип-чыгууга тыюу салынды
Эскерте кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.

Коронавирус өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгону байкалган. Адамдардын, үй жаныбарларынын, куш, чочко, ири мүйүздүү малдын саламаттыгын жабыркатат. Оорудан дем алуу органдары, ичеги-карын, нерв системасы зыян тартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0