Ухань шаарындагы Хубэй провинциясында оорукана. Архивдик сүрөт

ЖМК: коронавирустан Кытайда дарыгер көз жумду

3845
(жаңыланган 15:24 25.01.2020)
Лян Удун Ухань шаарындагы Хубэй провинциясында жайгашкан "Синьхуа" ооруканасында отоларингология бөлүмүндө иштечү. 16-январь күнү андан коронавирустун жаңы түрүнүн белгилери байкала баштаган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Коронавирустун жаңы түрүнөн Кытайда биринчи жолу 62 жаштагы дарыгер, отоларинголог Лян Удун каза болду. Бул тууралуу Paper басылмасына таянып РИА Новости жазды.

Билдирмеге ылайык, Лян Удун Ухань шаарындагы Хубэй провинциясында жайгашкан "Синьхуа" ооруканасында отоларингология бөлүмүндө иштечү.

"16-январь күнү андан коронавирустун жаңы түрүнүн белгилери байкала баштаган. 18-январда аны "Цзиньиньтан" ооруканасына которушкан. Кесиптештери аман алып калууга аракет кылышты, бирок дарыгер 25-январь күнү болжол менен 7:00дө ооруканадан көз жумган", — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин South China Morning Post гезити өздүк булактарына таянып, ооруну жуктуруп алган дарыгерлердин расмий айтылган маалыматтан көп экенин билдирген. Дагы бир маалымат булагы "Ухань шаарындагы ар бир ири ооруканалардан бирден ооруну жуктуруп алган дарыгерлерди таба аласыңар. Алардын саны 15тен көп" деп жазган.

РИА Новости Японияда аталган дартты жуктуруп алган үчүнчү учур катталганын да кабарлады.

"Ооруга кабылган аял 30 жашта. Ал Ухандан Кытайга барган. 21-январда дене табы көтөрүлүп, жөтөлө баштаган. 23-январда ал Япониянын ооруканасына кайрылып, дарт жуктуруп алганы аныкталган", — деп жазылат маалыматта.

Вирус тууралуу эмне билүү керек?

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Вирус адамдарга базарда сатылган жыландар аркылуу жуккан деген версия бар.

Медиктер оору адамдан адамга жугарын айтышты. Учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтсө, ал эми кыргыз ТИМи мүмкүн болсо Кытайга барбай турууну сунуштады.

Акыркы маалымат боюнча, коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1287ге жетип, 41 киши каза тапты.

Кытайдан башка өлкөдө да бул ооруну жуктуруп алгандар каттала баштады. Алсак, Гонконгдо беш, Макаодо үч, Тайванда эки, Тайландда үч, Японияда үч, Түштүк Кореяда үч, АКШда экөө, Вьетнамда үч, Сингапурда үч, Непалда бир, Францияда үч жана Австралияда үч адам дартка чалдыкты.

Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу жана абалды көзөмөлдөө үчүн Саламаттык сактоо министрлигинде штаб түзүлдү.

3845
Белгилер:
эпидемия, дарт, коронавирус, дарыгер, Кытай
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (518)
Тема боюнча
Кыргызстан коронавирустан улам Кытайдан эт алып кирүүгө чектөө киргизди
Мамбеталиева: коронавирустун 6 түрү адамга зыян
Кытайдагы коронавирус: оору жөнүндө эмне билебиз. Видео