Нур-Султанда аэропорт жабылып, мектептер иштебей калды. Бороондун видеосу

© Sputnik / Абзал Калиев / Медиабанкка өтүүНурсултан шаарындагы аба ырайы
Нурсултан шаарындагы аба ырайы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба каттамдарынан сырткары, Нур-Султанга кирип-чыкчу бардык жолдордо кыймыл токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар департаменти мындай чечимин жолдун дээрлик көрүнбөй калышы менен түшүндүрүүдө.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Казакстандын борборунда ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен бороон-чапкындын айынан аэропорт жабылып, бардык каттамдар токтотулду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Аба ырайы 26-январь күнү кечке маал бузулган.

Аба каттамдарынан тышкары, Нур-Султанга кирип-чыкчу бардык жолдордо кыймыл токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар департаменти мындай чечимин жол дээрлик көрүнбөй калышы менен түшүндүрүүдө. Коммуналдык кызматтар тыгылып калган автоунааларды чыгарууга жардам берип жатат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от NUR-SULTAN (@akimat_nursultan)

Ошондой эле дүйшөмбү күнү мектептердеги жана колледждердеги сабактар токтотулду.

"Аба ырайынын кескин бузулганына байланыштуу 0-11-класстар жана колледж студенттери үчүн сабак болбойт", — деген маалыматты Билим берүү министрлиги таратты.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар департаменти бүгүн иш күндү кыскартууну сунуштап жатат.

Казгидромет 27-январь күнгө карата Нур-Султанда бурганактаган кар жаап, бороон болору тууралуу шашылыш белдирүү тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0