Абайлагыла! Казакстандык жаран муз тебем деп капилеттен каза тапты

© Sputnik / Виталий АньковБаллон тээп жаткан адамдар. Архив
Баллон тээп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киши омурткасын үч жеринен сындырып алып, ооруканага жетпей каза тапкан. Социалдык тармактардын колдонуучулары баллон менен муз тебүүгө тыюу салууга чакырык таштады.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Талды-Коргон облусунун жашоочусу баллон менен муз тээп келе жатып, кырсыктап каза тапты. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Жагымсыз маалымат социалдык тармакка жайгаштырылган.

"24-январда, бешинчи күнү, Текели лыжа базасынын жанында бир тууганыбыз баллондон учуп кетип көз жумду. Омурткасы үч жеринен сынып, ооруканага жетпей калды...", — деп айтылат анда.

Посттун автору ошол күнү дагы бир кыздын кырсыктаганы туурасында жазды. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрбөйт. Социалдык тармактарда баллон менен муз тебүүгө тыюу салууга чакырык ташталууда.

Баллон көтөрүп бараткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда машинага баллон байлап муз тепкен балдарды унаа тебелеп кетти
Алматы облусунун полициясы кырсыктуу окуя туурасындагы маалыматты тастыктап, Казакстандын Кылмыш кодексинин 306-беренеси ("Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды өндүрүү, сатуу же кызмат көрсөтүү") менен иш козголгондугун билдирген. Эгерде кызмат көрсөткөн тарапты сот күнөөлүү деп чечсе, ал жарандар төрт жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

Кыргызстанда да бул маселе 2019-жылы коомчулук, ЖМКлар тарабынан көтөрүлгөн. Чүй облусунун милициясы кышында тоодо эс алуу учурунда адистештирилбеген баллон жабдыктарынын кооптуулугун айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0