Кытайда коронавирустан дарылануудан баш тарткандар кылмышкер деп эсептелет

© REUTERS / MARTIN POLLARDРаспространение коронавируса нового типа в Китае
Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда учурда коомдук жайларда атайылап башкаларга оору жуктуруу максатында түкүрүнүп жүргөндөр пайда болду. Бийлик аларды саламаттык сактоо жаатындагы жана шалаакылык боюнча беренелерге ылайык жоопко тартууну пландап жатат.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Хубэй провинциясынын бийлиги коронавирусту жуктуруп алып дарылануудан баш тартып же коомдук жайларда башкаларга жуктуруу үчүн түкүрүнүп жүргөндөрдү кылмышкер катары эсептеп, жоопкерчиликке тартмай болду. Бул тууралуу аймактын Коомдук коопсуздук боюнча башкармалыгына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Башкармалык тараткан маалыматка караганда, учурда коомдук жайларда атайылап башкаларга оору жуктуруу максатында түкүрүнүп жүргөндөр пайда болгон. Бийлик аларды саламаттык сактоо жаатындагы жана шалаакылык боюнча беренелерге ылайык жоопко тартууну пландап жатат.

Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Адис: коронавирус тездик менен дагы эки жумадай жайылышы мүмкүн
Ошондой эле аларды дарылап жаткан медиктерге орой мамиле кылып, оору жугузуу аракетин көргөндөр катуу жазаланары айтылды.

Мындан тышкары, бийлик коронавируска чалдыккандар менен иштеп жаткан дарыгерлердин айлыгына кошумча акча төлөп берүүнү чечти. Мисалы, оорулуулар менен түз иштеген медиктерге күнүнө 300 юандан (43 доллар), вирустун алдын алуу иштери менен алектенгендерге 200 юандан (28,8 доллар) каражат чегерилет.

Илдеттин очогу өлкөнүн Кытайдын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ухань шаарында декабрдын башында катталган. Оору Кытайдан башка Гонконгдо, Макаодо, Тайванда, Таиландда, Японияда, Түштүк Кореяда, АКШда, Канадада, Вьетнамда, Сингапурда, Непалда, Францияда, Австралияда, Малайзияда жана Германияда катталган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 170 адамга, ал эми ооруну жугузгандардын саны 7711ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0