Коронавирус тууралуу биринчи айтып чыккан кытайлык дарыгер көз жумду

© REUTERS / CHINA DAILYРаспространение коронавируса нового типа в Китае
Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайлык дарыгер Ли Вэньлянды жалган маалымат таркатып, коомдук тартипти бузбаганга чакырышкан. Полиция ага жаңы илдет тууралуу ооз ачууга тыюу салган болчу.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Коронавирус илдети тууралуу эң алгачкылардан болуп эскертүүгө аракет кылган кытайлык дарыгер Ли Вэньлян жуктуруп алган оорудан улам көз жумду. Бул туурасында бейтап дарыланып жаткан ооруканага таянуу менен РИА Новости жазды. 

Буга чейин Global Times гезити Ли Вэньляндын өлүмү тууралуу кабарлап, бирок кийинчерээк бул маалымат төгүндөлүп, бейтаптын интенсивдүү терапиядан өтүп жатканы айтылган.

Ухань шаарынын борбордук ооруканасынын социалдык тармактагы баракчасында: "(Ли Вэньлян) жума күнү саат 2.58де көз жумду (Бишкек убактысы боюнча 23.58, бейшемби)", — деп кабарланган.

Ухань шаарынын борбордук ооруканасында иштеген Ли Вэньлян 30-декабрь күнү WeChat социалдык тармагындагы кесиптештерине "деңиз азыктарынын Хуанань базарындагы SARS дартынын жети учуру тастыкталды" деп жазган. Ал жаңы илдет башка түрдөгү вирустарга таандык экенин билген эмес. Линин посту Кытайдын социалдык тармактарында өтө тездик менен жайылып кеткен болчу, анткени эл SARS илдетинин кайтып келишинен коркуп турган.

Токио шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарынын символикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вирустун айынан Токио Олимпиадасы болбой калабы? Комитет тынчсызданууда
Эртеси Ли жана оору жөнүндө маалымат таркаткан башка жети дарыгер полицияга чакыртылган. Аларга эскертүү берилип, мындан ары коомдук тартипке доо кетирген "жалган маалыматтарды" таркатпоо керектиги айтылган. 11 январда Ли Weibo сервисиндеги микроблогу аркылуу денесинин ысып чыкканын жана жөтөлө баштаганын жазган. Ишемби күнкү акыркы публикациясында дарыгер коронавирус илдетин жуктуруп алганын кабарлаган.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрь күнү ДСУга Хубэй аймагындагы белгисиз пневмония дарты жөнүндө маалымат берген. Адистер ооруну 2019-nCoV коронавирусу козгогонун аныкташкан. Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан 563 адам көз жумду. Ал эми жуктуруп алгандардын саны 28 018ге жетти.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0