Массалык уруш. Архивдик сүрөт

Казакстандагы массалык мушташ кандайча башталган? Окуянын чоо-жайы

11996
(жаңыланган 17:56 08.02.2020)
Алдын ала маалыматтар боюнча, башаламандыкта ондогон адам түрдүү жаракат алып, сегиз тургун көз жумуп, 30 үй, 15 соода имараты, 23 автоунаа жабыркаган.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Казакстандын Ички иштер министрлиги Кордай районунун Масанчи айылындагы башаламандык кандай башталгандыгын айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Мекеменин маалыматына ылайык, 7-февраль күнү саат 19.00дөр чамасында Жамбыл облустук полиция департаментине Кордай районундагы Масанчи айылынын четинде 70тей адам чогулуп мушташып жаткандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн. Ал жерге Кордай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Ошол маалда чагымчылдар, күбөлөр окуяны видеого тартып алып мессенжер жана социалдык тармактар аркылуу таратып, жарандарды мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн. Натыйжада массалык мушташтын катышуучуларынын саны көбөйүп, ал жерге кошуна айылдардан 300дөй тургун келген.

Коомдук тартипти жөнгө салуу максатында айылга кошумча күчтөр тартылган. Бирок чыр-чатакка катышкандар укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, баш ийген эмес. Алар колуна темир, таш алып, ок атуучу курал колдонгон.

Кийин мындай мүнөздөгү окуялар Аухатты, Булан-Батыр айылдарында башталган. Ошондо бийлик өкүлдөрү калк жашаган аймактардын кире беришине блок-постторду койгон.

Массалык башаламандыкта ондогон адамга ок тийип, жарандар түрдүү жаракаттарды алып, эки полиция кызматкерине ок тийип, сегиз тургун көз жумган.

Андан сырткары, 30 үй, 15 соода имараты, 23 автоунаа жабыркаган.

Учурда абал көзөмөлгө алынып, жеринде ыкчам-тергөө тобу иштөөдө. Анда жалпы 47 адам кармалып, алардан эки аң улоочу мылтык алынды.

Аталган окуя боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча ("Массалык башаламандыкты уюштуруу жана катышуу"), ("Адам өлтүрүү") сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бул окуядан чагымчылдар пайдаланып кеткендигин айтып, укук коргоо органдарына күнөөлүүлөрдү таап, катуу жазалоону табыштаган.

11996
Белгилер:
мушташ, башаламандык, Казакстан
Тема:
Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагындагы чыр (21)
Тема боюнча
Казакстандагы башаламандыкта канча адам каза болгону айтылды
Чек ара кызматы: Казакстандан Кыргызстанга өткөндөр адаттан тыш көп болууда
Токаев: КР менен чектешкен аймактагы башаламандыкта каза болгондор бар
Нур-Султанда болгон митинг. Архивдик сүрөт

Кабарлап коюу жетиштүү. Токаев Казакстанда митингдин жол-жобосун жеңилдетти

61
(жаңыланган 18:35 25.05.2020)
Эми митинг өткөрүү үчүн акимчиликтердин макулдугу зарыл эмес. Болгону иш-чара тууралуу кабар берип коюу жетиштүү.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев нааразычылык акцияларын өткөрүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүргөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram-каналында жарыяланды.

“Казакстанда тынчтык митингдерин уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиптери” мыйзамына казак парламенти өзгөртүүлөрдү киргизген. Эми митинг  өткөрүү үчүн акимчиликтердин макулдугу зарыл эмес. Болгону иш-чара тууралуу кабар берип коюу жетиштүү.

Мындан тышкары эми жападан жалгыз адам деле өкмөттүк имараттардын ардында митинг өткөрө алат. Мурда мындай нерсеге жол берилчү эмес.

Ошондой эле нааразычылык акцияларынын катышуучулары бетин жаап алса да болот.

61
Белгилер:
митинг, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Токаев Дарига Назарбаевага арнап твит жазды
Казакстандын Алматы шаарында айдоочу блокпостту сүзүп, анын кесепетинен эки полиция кызматкери көз жумду

Алматы: мас айдоочу блокпостту сүзүп, ошол жердеги эки полиция көз жумду. Сүрөт

679
(жаңыланган 13:06 25.05.2020)
BMW автоунаасын айдаган 28 жаштагы жаран бетон тосмону сүзүп, андан кийин  Кайгуул кызматынын автокөлүгү менен кагышкан. 

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарында айдоочу блокпостту сүзүп, анын кесепетинен эки полиция кызматкери көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 25-майда, таңга жуук калаадагы Көксай кичи районунда орнотулган  №4 блокпостто болгон.

BMW автоунаасын айдаган 28 жаштагы жаран бетон тосмону сүзүп, андан кийин Кайгуул кызматынын автокөлүгү менен кагышкан. Берки машинанын ичинде эки полиция болгон. 

Погибшие в результате ДТП в Алматы патрульный Жарас Жангазиев и сержант полиции Дастан Абдыканов.
Көз жумган полиция кызматкерлери Жарас Жангазиев жана Дастан Абдыканов

42 жаштагы кызматкер Жарас Жангазиев Тез жардам келгенге чейин алган жаракатынан улам көз жумган. Анын кесиптеши Дастан Абдыканов өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Бирок эсине келбей ал дагы каза болгон.

Айдоочу камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголгон. Полициянын айтымында, ал мас  болгон.

679
Белгилер:
өлүм, блокпост, жол кырсык, полиция, Казакстан
Тема боюнча
Асманда күйүп, жерге кулаган учак. Казак бийлиги себебин иликтеп баштады
Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Күбөнүн видеосу
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архивдик сүрөт

Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты

0
(жаңыланган 23:18 25.05.2020)
Дмитрий Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын тастыктады.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков коронавирустан сакайып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Эске салсак, ал 12-май күнү коронавирус жуктуруп алганын билдирген. Ошондой эле анын жубайы, муз бийчиси Татьяна Навкадан дагы вирус аныкталган.

Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын билдирди.

0
Белгилер:
оорукана, коронавирус, Дмитрий Песков, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Песковдун жубайы Навкадан да COVID-19 табылып, абалы кандай экени айтылды