Коронавирустан өлгөндөрдүн саны 1000ден ашты

© REUTERS / Tyrone SiuРаспространение коронавируса нового типа в Китае
Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 37 626 киши дарыланып жатат. Дарыгерлер алардын ичинен 7333 кишинин абалын өтө оор деп баалоодо.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 1016га жетти. Ал эми жалпы жуктургандар  42 638 болсо, сакайып кеткендер 3996 киши экени айтылды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Учурда 37 626 киши (каза болгондор жана сакайып кеткендерден тышкары) дарыланып жатат. Алардын ичинен 7333 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.

Булардан тышкары, Гонконгдо 42 учур катталса, анын ичинен бири көз жумду. Макаодо 10, Тайванда 18 киши ооруду. Бул эки жакта тең бирден киши илдетти жеңди.

Башка өлкөлөр боюнча акыркы маалыматтарга токтолсок, Вьетнамда 15, АКШда 13, Түштүк Кореяда 28 киши аталган вируска кабылды.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0