Кытай: коронавирус жуккан эки айлык ымыркай айыкты

© STRINGERРаспространение коронавируса нового типа в Китае
Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү Кытайдын Гуйчжоу аймагынан коронавирустан айыккан төрт бейтап үйүнө чыгарылды. Алардын арасында жарык дүйнөгө келгенине болгону 67 күн болгон ымыркай бар.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кытайда дарыгерлер коронавируска кабылган эки айлык бөбөктү аман алып калганын РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, ишемби күнү Кытайдын Гуйчжоу айылынан коронавирустан айыккан төрт бейтап үйүнө чыгарылган.

"Алардын арасында жарык дүйнөгө келгенине болгону 67 күн болгон ымыркай бар. Бул бөбөк коронавирустан сакайып кеткен Кытайдагы эң жаш бейтап", — деп жазылат билдирүүдө.

Акыркы маалыматтарга караганда, COVID-2019 вирусун жуктургандардын саны — 66 492 миң. Анын ичинен 8096 киши сакайып, 1523ү көз жумду.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0