Хубэйде коронавирус жуктурган учурлар үч күндөн бери азаюуда

© REUTERS / STRINGERРаспространение коронавируса нового типа в Китае
Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта кытайлык дарыгерлер тизмеге оорунун белгилери байкалган, бирок нуклеин кислотасына тапшырылган тести оң жыйынтык бербеген адамдарды да киргизип жатышат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кытайдын оору жайылган Хубэй провинциясында коронавирус жуктурган учурлар үч күндөн бери азайып жатканын РИА Новости жазды.

Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Кытай: коронавирус жуккан эки айлык ымыркай айыкты
Провинциянын саламаттык сактоо комитети 12-февраль күнү биринчи жолу ооруну аныктоонун жаңы ыкмасын колдонгон. Мындан улам бир сутканын ичинде жуктуруп алгандардын саны өсүп, 14 840ка жеткен. 13-февралда 4 823кө чейин түшүп, эртеси 2 420 болсо, 15-февраль күнү 1 843 учур катталган.

Жаңы ыкмада дене табы жогорулап, жөтөлүп, күйүгүп, дем алганы оорлошкон адамдын нуклеин кислотасына тапшырган тести оң натыйжа бербеген учурда деле бейтаптардын тизмесине киргизүү каралган. Жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп кетишинин себеби да ушунда экени айтылды.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0