Жүрөк түшөт! Ухандык дарыгерлер бет каптан калган тактарын көрсөттү

© AFP 2023 / STRРаспространение коронавируса нового типа в Китае
Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ухандын ооруканаларында иштеген дарыгерлердин вирустан коргонуу үчүн өзгөчө бет кап тагынып жүргөнүнө бир топ убакыт болду.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Социалдык тармакта медициналык бет кап тагынууда жабыркаган кытайлык дарыгерлердин сүрөтү тарады.

​The Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, сүрөттөгүлөрдүн басымдуу бөлүгү вирус чыккан Ухань шаарынын ооруканасында иштеген медиктер.

Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Хубэйде коронавирус жуктурган учурлар үч күндөн бери азаюуда
Белгилей кетсек, аталган шаар бир айдан бери карантинде. Ушу тапта 11 миллионго чукул адамдын тышкы дүйнө менен байланышы жок. Ооруканаларда дарыгерлер коргоочу кийим кийип, оор бет кап, көз айнек тагынууга аргасыз. Алардын тынымсыз иштеп жатканы айтылат.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, узак убакытка чейин бет кап тагынуудан врачтардын жүзүндө тилик, тактар калган.

Бул кадрлар соцтармакта талкуу жаратып, айрымдар аларды "чыныгы баатырлар" деп атоодо.

Акыркы маалыматтарга караганда, COVID-2019 вирусун жуктургандардын саны — 66 492 миң. Анын ичинен 8096 киши сакайып, 1523ү көз жумду.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0